Рига булуңу
Көрүнүш
Рига булуңу — Балтика деңизинде, Эстония жана Латвиянын жээктерин чулгайт. Деңизден Моонзунд аралдары аркылуу бөлүнөт. Узундугу 174 км. Тереңдиги 67 мге чейин. Даугава (Батыш Двина), Лиелупе, Гауя дарыялары куят. Декабрдан апрелге чейин тоңот. Боюнда Рига порту, Юрмала жана Пярну шаарлары, Сааремаа аралында Кингисепп шаары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9