Сабак

Википедия дан

Сабак - окутууну уюштуруунун негизги түрү.

Сабак окуучулардын туруктуу курамы менен расписание боюнча өтүлөт. Сабакта окутуунун жалпы класстык, топтук жана жекече түрлөрү айкалыштырылат. Сабак - системалуу билим берүүнүн, аны практикада колдонуп, чыгармачылыкка үйрөнүүнүн, личностту калыптандыруунун куралы.

Сабактын негизги белгилери: окутуу жана тарбиялоо милдетинин биримдиги; окуучулардын таанып-билүүгө ынтызарлыгын өстүрүүгө өбөлгө түзүү; бир дидактикалык максатка баш ийген орг. бүтүндүк.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.