Чыгармачылык

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Чыгармачылык – мурда болбогон жаңы сапаттагы материалдык жана рухтук баалуулуктарды жаратуучу коомдун, социалдык топтордун, инсандардын иш-аракеттери болуп саналат. Чыгармачылык бул жаңыларды социалдык прогресстин кызыкчылыктарын канагаттандыруу багытында, адамдын эркиндик деңгээлинин жогорулоосунда, коомдук мамилелерди гумандаштырууда, инсандын ар тараптуу шайкеш өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында жаратуу дегенди туюндуруп билдирет. Чыгармачылык диалектикалык каршылык туу ал кайталап өндүрүү жана өнүмдүү, жемиштүү иш-аракеттердин биримдиги. Адам өзүнөн мурдагы муундардын жараткандарына таянып туруп жаңыны жаратат. Чыгармачылык ар түрдүү формаларда, илимий, көркөмдүк, өндүрүштүк, техникалык, саясий ж. б. формаларда билинип-көрүнөт. Анын негизин курчап турган дүйнөнү максаттуу өздөштүрүп, жаңыртып жаткан адамдардын предметтик-практикалык иш-аракеттери түзөт. Адамдын чыгармачыл иш-аракети жумшала турган маанилүү чөйрөсү – тарыхый коом. Андагы чыгармачылык ишинде Адам өзүн өнүктүрөт, өзүн тажрыйбалык жана рухтук-ыймандык (нравалык) жакшыртууларды бириктирген бир бүтүн Жан катарында калыптандырат. Азыркы учурдагы чыгармачылыктын маанилүү жагы- илимий ишкердик. Илимий билимин өнүктүрүүнүн негизинде Адам өзүнүн чыгармачыл дараметин бардык башка ишмердиктерде ишке ашырууга жөндөмдүү болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9