Сары-Арка
Көрүнүш
Сары-Арка — «Манас» эпосундагы топоним. Казак каны Көкчөнүн мекендеген жери:
- Сары-Арканы жайлаган,
- Сан казагын айдаган
- Келиштирип келмеге
- Кер төбөлүн байлаган,
- Кезенишкен душмандын
- Кесип башын чайнаган (Сагымбай Орозбак уулу, 2, 127),
— деп эпосто туруктуу сүрөттөлөт. Кийин Көкчөнүн уулу Үмөтай да ушул жерди мекендейт. Географиялык реалияда Борбордук Казакстандагы дөңсө-тоолуу кеңири аймак.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4