Тарагай өрөөнү

Википедия дан

Тарагай өрөөнү, Ички Теңир-Тоодо. Жети-Өгүз районунун аймагында. Сөөк (Жетим-Бел), Тескей Ала-Тоо жана Ак-Шыйрак кырка тоолорунун аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай Тарагай суусунун агымы боюнча 80 кмге созулуп жатат.

Жалпы мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарагай өрөөнүнүн таманынын баш жагы Ара-Бел – Кум-Төр сырты деп аталып, туурасы 18–20 кмге чейин жетет; орто жеринде 3–4 кмге кууштап, жалама тик беттүү; аягы кайра 20- 22 кмге кеңейип, Жаман-Эчки жана Кара-Сай куйган аймакта 1 кмге чейин кууштайт. Таманы деңиз деңгээлинен 3200–3700 м бийиктикте жатат; курчаган тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 900–1200 м. Өрөөндүн рельефинде мөңгүнүн аракетинен пайда болгон мореналык жапыз дөбөлөр, майда чуңкурлар айырмаланып турат. Айрым чуңкурларда көлдөр, саздуу жерлер бар. Тектирлүү (бийиктиги 75–105 м), алар тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Тарагай суусунун нугу кенен келип, шагыл таштардан турат. Сөөк тоосунун өрөөндү караган капталдары тик, айрым жерлери жалама беттүү, майда капчыгай, кокту-колоттуу.
Тескей Ала-Тоонун жана Ак-Шыйрак кырка тоосунун беттери жантайыңкы. Өрөөндүн түштүк-чыгыш бети (Кызыл-Эшме, Кыр- Коо) жантайыңкы келип, байыркы түздүктөрдүн кенен аянттары кездешет. Өрөөндүн таманы байыркы мөңгүлөрдүн таасиринен пайда болгон майда таш, шагыл, кум, чопо, тоо капталдары мраморлошкон жана доломиттешкен акиташ теги, графиттүү филлит, гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турат. Климаты континенттик, суук; январдын орточо температурасы -22°С, июлдуку 4,2°С, жылдык жаан-чачыны 300–370 мм.

Ак-Шыйрак кырка тоосунда Петров, Лысый, Ак-Бел, Тескей Ала-Тоодо Кашка-Суу, Котур-Төр, Ит-Тиш, Сөөк тоосунда Май-Төр мөңгүлөрү жайгашкан. Өрөөндө Тарагай суусу (Чоң Нарындын башталышы) жана анын куймалары – Жаман-Эчки, Өкүргөн, Сөөк, Жетим-Бел, Май-Төр, Ара-Бел, Котур-Төр, Ит-Тиш (оң) жана Чолок-Төр, Борду, Сары-Төр, Кум-Төр (сол) суулары агат. Таманында ондогон майда көлдөр бар.

Өрөөн жыл бою көп жылдык тоңдун таасиринде жатып, рельефтин термокарст, солифлюкация процесстеринен пайда болгон формалары кездешет.

Өрөөндүн таманына жарым чөл, талаа (аягына жана ортонку бөлүгүнө), шалбаа, шалбаалуу талаа (баш жагына; 3700 м бийиктикке чейин), тоо капталдарына кургак талаа, муздак тундралуу чөл (4000 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; кен байлыктары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]