Тарбиялануучу

Википедия дан

Тарбиялануучу – тарбиялык таасирдин объекти болгон (таалим-тарбия мекемелердин шартындагы - бала, өспүрүм, кыз же жаш улан) адам. Тарбиялык таасир мугалим, тарбиячы, коллектив, окуучулар, коомчулук, үй-бүлө жана башка уюмдар жана алардын биргелешкен иш-аракеттеринен чыгат. Тарбиялануучу – тарбиянын пассивдүү объекти гана эмес, өзүнүн жеке сапаттарын калыптандырууда ага дамамат активдүүлүк мүнөздүү.
Анткени адам баласы иш-аракеттин негизинде тарбияланат. Чөйрөнүн жана атайын уюштурулган шарттардын таасири аркылуу анын жүрүм-турумуна инсан аралык мамилелерине жана иш-аракеттерине таандык бекемделген инсандык кулк-мүнөзү бекемделип калыптанат. Тарбиялануучу тигил же бул коллективдин мүчөсү катары өз жолдошторуна таасир этүү менен тарбиялоо процессинин объектинин субъектине айлана баштайт.

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Латын зат атоочу, бакма бала же опекага алынган бала дегенди түшүндүрөт, "тамактандыруу" этишинен алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.