Киши

Википедия дан
Адам (киши)‎»‎ барагынан багытталды)
Кишилер

Киши - Жердеги тирүү организмдердин ичинен өзүнүн өрчүп-өсүшүндө эң жогорку баскычка жеткен, коомдук-тарыхый ишмердүүлүктүн жана маданияттын жаратуучусу жана ээси.

Киши жаныбарлардан айырмаланып, акыл-эс, ойлоо жөндөмдүүлүгүнө ээ, эмгек куралын жасап, аны менен айлана-чөйрөгө таасир этип, өзгөртө алат; мээ түзүлүшү татаал, сүйлөөгө жөндөмдүү. Киши гендик жактан жаныбарлар менен тектеш, ал аң-сезимдүү коомдук жандыкка айлангыча узакка созулган биологиялык, социалдык, тарыхый жолду басып өткөн. Киши сымал маймылдын жашоо үчүн табияттагы даяр нерселерди курал катары колдонушу кийин эмгек куралын жасашына түрткү берген. Кишинин эң негизги жөндөмдүүлүгү эмгек куралын жасап, аны табиятты өзгөртүү үчүн пайдаланышы. Киши сымал маймылдын адамга айланышына шарт түзгөн эмгек болгон. Эмгек анын аң-сезиминин, сезүү органдарынын жана мээсинин иштешин жакшыртып, дене түзүлүшүн өзгөртүп, антропогенездин улам жаңы баскычына көтөрүп, миллиондогон жылдан кийин жаңы биологиялык түрдү пайда кылган. Эмгек аң-сезимдин туундусу катары сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жараткан. Анатомиялык-морфологиялык бөтөнчөлүктөрү жагынан сүт эмүүчүлөрдүн приматтар түркүмүндөгү «гоминид» (латынча homo – киши) тукумуна кирет. Гоминиддердин түпкү теги катары саналган, мындан 1 млн 600 жыл мурда Чыгыш Африкада жашаган хомохабилис (Homo habilis ишке жөндөмдүү К.) келип чыккан. Археологиялык казындыларда хомохабилистин сөөктөрү менен кошо колго жасалган жөнөкөй эмгек куралдары да табылган. Эмгек куралын жасоо питекантроптордун убагында эле эзелки Кишинин аң-сезимине таасир этип, өз ара пикир алышуу зарылдыгын туудурган. Ушуга байланыштуу алардын мээ түзүлүшү да өзгөрө баштаган. Мындай эволюциялык өзгөрүүлөр Киши коомунун алгачкы доорунда эле башталган. Буга Европа, Африка, Азияда жашаган неандерталдардын көп калдыктары далил.

Төртүнчүлүк доордун аяк ченинде неандерталдарда коомдук мамилелер өнүгө баштаган. Кийинчерээк алардын ордун кроманьондор баскан. Алар илимде Homo sapiens (акылы бар К.) деген атка конгон, неандерталдарга караганда татаалыраак курал жасоого жөндөмдүү болушкан. Алардын дене түзүлүшү менен түр түспөлүндө да туруктуу морфологиялык жана расалык белгилер пайда болгон. Ошентип, эволюциялык жана тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында калыптанган Киши Жер жүзүндөгү ар түрдүү материктерде жашап, ошол жердин ысык-суугуна жана тиричилик шарттарына ыңгайлашып отурган. Натыйжада Кишинин сырткы келбети, түспөлү өзгөрүп, ар кайсы жерде түрдүү расалар калыптанган.

Кишинин органдары жана системалары ткандардан куралат. Скелет, муундар жана булчуңдар кыймыл функциясын аткарат. Кишинин тамактанышы тамак сиңирүү органдары аркылуу жүрөт, дем алуу жолу жана өпкө аркылуу дем алат. Зат алмашууда пайда болгон зыяндуу заттар бөйрөк, тери аркылуу денеден сыртка чыгарылып, кан курамын туруктуу сактап турат. Ткандарды жана клеткаларды азык, кычкылтек, гормон менен камсыз кылуу, зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу милдетин жүрөк, кантамыр жана лимфа системалары аткарат. Жалпы денеде ткань, орган системаларынын бири-бири менен байланышын борбордук нерв системасы башкарат.

Кишинин бою антропологияда жана медицинада дененин морфологиялык өсүшүн, мүчөлөрдүн бири бирине шайкеш келишин мүнөздөйт. Жаңы төрөлгөн эркек ымыркайдын боюнун орточо узундугу 54 см, кыздыкы 53 см болот. Аялдын боюнун өсүшү 17-18, эркектики 20-23 жашка чыкканда токтолот. Бул процесс акцелерацияга байланыштуу. Киши бою 45 жаштан кийин ар бир он жылда 1-1,5 смге кыскара баштайт. Бул негизинен омуртка кемирчектеринин, тамандын жукарышынан ж. б. себептерден болот. Кишинин конституциясы дененин тукум куума жана көнүмүш касиеттеринин негизинде калыптанган функциялык жана морфологиялык өзгөчөлүктөрү болуп эсептелет. Азыр дүйнөдө кишилердин саны 6 млрддан ашты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1