Кыймыл

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыймыл – материя менен рухтун өнүгүүгө, өзгөрүүгө болгон жөндөм-дүүлүгү, материянын жашоо ыкмасы. Идеалисттик окууларда рух материясыз жашай алат деген көз караш үстөмдүк кылат.

Энергетизмдин натуралисттик теориясында (В. Ф. Оствальд) «энергия» түшүнүгү заттык-субстраттык системалардын калыптанышы менен жашоосун камсыз кылган рухий феномен катары чечмеленет.

Материализмде кыймылдын материяга карата атрибуттук мүнөзү жана материянын кыймылынын рухий кыймылга караганда мурда болушу баса белгиленет. Бирок, материализмде кыймылдын көп түрдүүлүгүн четке каккан багыттар да бар (мисалы: энтропиянын өсүү кубулушун абсолютташтыруунун негизинде ааламдын жылуулуктан өлүп жок болушу тууралуу концепция. Бул концепцияны жактоочулардын көз карашы боюнча кыймылдын баардык формалары эртеби же кечби жылуулукка айланып, ал кыймылдын ар кандай формаларын талкалоо менен аалам өрттөн алаамат болушу мүмкүн).

Диалектика менен байланышкан материалисттик концепцияларда материя менен кыймылдын биримдиги ырасталат: материя кыймылсыз, кыймыл материясыз жашай албайт. Мындай материализм кыймылдын ар кандай типтери менен формаларын айырмалайт. Тиби боюнча кыймыл сандык (нерселердин сапаттык өзгөрүүсүз орун которуштуруусу) жана сапаттык болушу мүмкүн. Сапаттык типтеги кыймыл өз кучагына функциялануу, айлануу, өнүгүү ж. б. түрлөрдү камтыйт.

Кыймылдын негизги формалары болуп механикалык, физикалык, химиялык, биологиялык жана социалдык кыймылдар саналышат (айрым окумуштуулар кыймылдын геологиялык, планетардык, компьютердик ж. б. формаларын өз алдынча мүнөзгө ээ деп таанышат). Кыймылдын формаларынын арасынан жогорку жана төмөнкү формаларды айырмалоого болот.
Мисалы: биологиялык форма химиялыкка, ал эми социалдык форма биологиялык кыймылга караганда жогору болуп саналат.

Кыймылдын жогорку формасы төмөнкү формаларга таянат, бирок, түзүлүшү боюнча алар менен тең маанилеш эмес: Кыймылдын жогорку формаларында материалдык мүнөздөгү жаңы, интегративдүү касиеттер болот. Материянын кыймылынын ар бир формасында кыймылдын материалдуу алып жүрүүчүсү жана аталган кыймылдын жалпы мыйзам ченемдүү-лүктөрүнүн болушу мүнөздүү.




Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8