Муун (анатомия)
Муун — сөөктөрдүн бири-бири менен кыймылдуу биригиши.
Курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Муун түзө турган сөөктүн учу гиалин кемирчеги менен капталып, анын бети өтө жылмакай болот. Муун түзө турган сөөктөрдүн учтарынын бири ойдуңча, экинчиси урчук сымал келип бири бирине айкалышып, сыртынан жаргак сымал муун чел кабыкчасы менен капталат. Кабыкчанын ичи муун көңдөйүн түзөт да, анын ичи бир аз шилекей сымал суюктук менен толгон. Ошондуктан муунда өтө татаал ар кандай кыймылдар ыкчам жана жеңил эле ишке ашырылат. Ар бир муун кабынын сыртында муун байламталары жайгашкан. Алар муунду ажыратпай кармайт.
Муун кемирчек
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Муун кемирчеги сөөктүн бири бирине ашташа турган жерин үч катмардан (үстүңкү, ортоңку жана ички) каптап турат. Бул кемирчек сөөктүн ашташа турган жериндеги уңкул-чуңкулдарды тегиздеп, сөөктөрдү бири бирине урунуудан сактайт. Муунга салмак канчалык көп келсе, кемирчек ошончолук калың болот. Кемирчектин үстүңкү катмары абдан жылмакай жана ар дайым суюктук менен нымдалып турат.
Муун кабы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Муун кабы ар бир сөөктүн ашташкан жеринин чекесинен башталып, сөөктүн сырткы чел кабыгына чырмалып, жылчыксыз муун көңдөйүн түзөт. Муун кабы сырткы жана ички чел кабыкчасынан турат. Ички чел кабыкчасы муундун ичиндеги бүктөмөлөрдү түзөт да, ал бүктөмөлөрдүн арасында көп сандаган кан тамырлар жайгашкан. Ички чел кабыкчасы бөлүп чыгарган суюктук, муун кыймылдаганда муун түзүүчү сөөктөрдүн ашташкан беттеринин ортосундагы сүрүлүүнү жоготуп, жеңил кыймылдоого шарт түзөт.
Муундардын түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ашташкан сөөктөрдүн санына, муун беттеринин формасына жана муундагы кыймыл окторунун санына жараша муундар ар кандай түргө бөлүнөт. Эгерде ашташкан сөөктөрдүн саны экиден ашпаса — жөнөкөй (мисалы, ийин, жамбаш муундары), Муунду экиден көп сөөктөр түзсө татаал (мисалы, чыканак, тизе муундары) муун деп аталат.
Формалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Муун беттеринин формасы шар, эллипс жана цилиндрге окшош болот. Муундагы ар түрдүү кыймыл огунун санына жараша болот. Мисалы, цилиндр формасындагы муун бир гана кыймыл огунун айланасында кыймылдаса, эллипс формасындагы муунда эки, ал эми шар формасындагы муунда үч кыймыл огунун айланасында кыймыл жасоого болот.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8