Темир жол бекети
Көрүнүш
Темир жол бекети — поезддер келип токтоочу жана аларды кайра жөнөтүүчү ишкана (анда өзүнчө пункт, имарат бар); үчтөн көп темир жол сызыктары кезигишкен темир жол түйүндөрүндө техникалык жактан байланыштуу башкы, бириктирме, айланып өтмө жана подъезддик жолдордон турган темир жол бекеттери түзүлөт. Ири темир жол түйүндөрүндө негизинен депо, оңдоочу ишкана, жүк жана жүргүнчү ташуучу участкалык сорттогуч темир жол бекеттери бар.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9