Терек-Даван тоосу

Википедия дан

Терек-Даван тоосу - Алай кырка тоосунун чыгыш тармагы. Гүлчө өрөөнүнүн чыгышында, Терексуу, Чоңкөл (Гүлчөнүн оң куймалары) ж-а Терек, Ташүй (Чыгыш Аксуунун оң куймалары) сууларынын аралыгында жайгашкан.

Алай р-нун аймагында. Меридиан багытында жатат. Уз. 21 км, туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4674 м (Терек-Даван чокусу). Суу бөлгүчү тарам-тарам болуп тутумдашкан тилкени түзүп, аскалуу, ортосун карай бийиктейт. Мөңгү аз. Чыгыш ж-а батыш капталдары кыска, кокту-колоттуу, түн., түш. бөлүктөрү узунураак, жантайыңкы. Карбон м-н девондун калыңдыгы. 1200 мге чейин жеткен сланец, кумдук, конгломерат, кремний, базальттуу порфирит тектеринен туруп, тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Шалбаалуу талаа, бадал аралаш бийик чөптүү шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаа нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2