Технология

Википедия дан

Технология (грекче techne – өнөр, устаттык, билгичтик жана ...логия) – ар кыл өндүрүш тармагында, курулушта ж. б. сырьё, материал же буюм алуу, иштетүү жолдору менен ыкмалардын жалпы аты; ал жолдорду жана ыкмаларды иштеп чыгуучу жана өнүктүрүүчү илимий тармак. Толук аталышы - «технологиялык процесс» өндүрүштү техникалык текшерүү өндүрүш процессинин баяндамасы, түшүндүрмө эреже, инструкция, карта, графиктер да Технология түшүнүгүнө кирет. Өндүрүштө машина куруу Технологиясы, тоо иштери Технологиясы ж. б.; материалдарды иштетүүдө металлдар Технологиясы, кездемелер Технологиясы, тамак-аш Технологиясы ж. б. болуп айтылат. Технология процессинин техникалык-экономикалык натыйжалуулугу сырьё менен энергиянын салыштырма сарпталышына, буюмдун саны жана сапатына, иштин өндүрүмдүүлүгүнө, буюмдун өздүк наркына карата бааланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]