Мазмунга өтүү

Токтосун Ахматов

Википедия дан

Ахматов Токтосун Керимбаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент - мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери.

Кыскача өмүр жолу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахматов Токтосун Керимбаевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында 1929-жылы дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Согуш жылдарында мектепте окуу менен катар колхоздо арабакеч, эсепчи болуп иштеген. 7-классты бүткөндөн кийин Прежевальск азыркы Каракол) шаарындагы М. Горький атындагы педагогикалык окуу жайына кирип, аны 1947-жылы бүтүрөт.

Кыргыз Республикасынын Эл агартуу министирлигинин жолдомосу менен Талас облусунун Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) районундагы Чалдывар орто мектебинде химия жана биологиядан сабак берип, райондун элге билим берүү бөлүмүндө мектептер боюнча инспектору болуп иштейт.

1950-1954-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетинде окуп жүргөн учурда К.К. Юдахин, Б.М. Юнусалиев өңдүү белгилүү түркологдордон билим алып, ар кандай илимий конференцияларга активдүү катышып, илимге болгон кызыгуусу арта баштаган.

1954-жылы КМУну артыкчылык диплому менен бүтүрүп, «Мугалимдер газетасында» партиялык, профсоюздук жана комсомолдук турмуш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ошол эле жылы Кыргыз улуттук университетинин аспирантурасында окуп, «Кыргыз тилинин Талас говору» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт (1959).

Т.К.Ахматов - илим менен окутуучулукту жемиштүү айкаштыра билген окумуштуу, педагог. Ал Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз тил илими кафедрасында ассистент (1957), улуу окутуучу (1958-1960), доцент (1960-1965), профессор (1971) болуп иштеп, 14 жыл кафедрага башчылык кылат (1973-1986). 32 жыл аталган университетте эмгектенип, студенттерге тарбия – таалим берет.

Профессор Т.К.Ахматов – кыргыз тил илиминдеги ири окумуштуу. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн, тыбыштардын жасалышына катышкан тыбыштык органдардын физиологиясын, тыбыштардын физикалык касиетин, лингвистикалык өзгөчөлүгүнүн атайын аппараттардын жардамы менен изилдөө аркылуу сыпаттоону кыргыз тил илимине биринчиден болуп киргизген. Натыйжада, эксперименталдык ыкманын негизинде алынган материалды сыпаттап, кыргыз тилиндеги бардык тыбыштар физиологиялык, физикалык жана лингвистикалык жактан мүнөздөлгөн.

Коомдук ишмердиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Т.К. Ахматов коомдук иштерге да активдүү катышкан. Ал жогорку билим берүү министирлигинин кыргыз тилин жана адабияты илимий методикалык кеңешинин, ошол эле министирликтин басма иштеринин илимий-методикалык кеңешинин, Кыргыз ССРинин «Билим» коомунун тил, адабият жана искусство боюнча илимий кеңешинин төрагасы болгон.

Кыргыз Республикаснын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улутту комиссиясынын мүчөсү жана терминологиялык комиссиясынын төрагасы; Республиканын ар түрдү мекемелерине, окуу жайларына, ишканаларына «улуттук» деген наам ыйгаруу комиссиясынын, жергиликтүү административдик өзгөртүүлөр комиссиясынын мүчөсү болгон.

Илимий жана педагогикалык ишмердиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1950-1954-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин студенти.

1954-1957-жылдардын аралыгында. Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз тил кафедрасынын аспиранты.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз тил кафедрасында ассистент.

1958-жылы КМУнун улуу окутуучусу.

1959-жылы «Кыргыз тилинин Талас говору» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз тил кафедрасынын доценти.

1967-жылы Фонетика маселеси боюнча 1967-ж. VIII Бүткүл дүйнөлүк Прага конгрессине катышкан.

1969-жылы «Азыркы кыргыз адабий тилинин тыбыштык түзүлүшү» деген темада докторлук диссертациясын коргогон.

  • * * * *

1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз тил кафедрасынын профессору.

1972-1992-ж. Кыргыз филологиясы (кыргыз тили, кыргыз адабияты) боюнча Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Адистештирилген кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестация комиссиясынын эксперттик мүчөсү.

1973-1986-ж. КМУнун Кыргыз тили кафедрасынын башчысы.

1990-ж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил илими институнун Кеп маданияты секторунун башчысы.

1998-ж. КРнын УИАсынын Тил илими институнун директору жана КРнын УИАсынын коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасынын орун басары, бюро мүчөсү.

2005–ж. КРнын УИАсынын Тил илими институтунун дирокторунун кеңешчиси.

2007–2009–ж. И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз тили кафедрасынын башчысы.

2009–ж. 4–январда Бишкек шаарында каза болот. Сөөгү шаардагы “Ала–Арча” көрүстөнүнө (6–январда) коюлат.

Сыйлыктары, наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Адилет эмгеги үчүн”. 27.03.1970. 1975-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына карата эстелик медалы менен сыйланган. 1977-жылы Кыргыз ССРинин Элге билим берүүнүн отличниги. 14.12.1977. 1979-жылы СССРде Жогорку билим берүүнүн отличниги. 10.11.1979. 1982-жылы “Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишменри” наамын алат. 1984-жылы Кыргыз ССР УИАсынын корр. – мүчөсү болуп шайланат.

Жарык көргөн эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахматов Т.К. Кыргыз тилинин Талас говору. -Ф.: КМУ, 1959.–150 б. Таласский говор киргизского языка.

Ахматов Т.К. Таласский говор киргизского языка: (Автореф. дисс. канд. филол. наук).- Ф., 1959.- 14 стр. Кыргыз тилинин Талас говору.

Ахматов Т.К., Давлетов С.А., Захарова О.В., Омуралиева Р.О. Программа по киргизскому языку для русских групп вузов Киргизской Республики.-Ф.: КМУ/КГУ, 1962. – 115 б.

Ахматов Т.К. Звуковой строй современного киргизского литературного языка: (Экспериментально – фонетическое исследование).-Ф.: Мектеп, 1968. – Часть 1. – 190 стр.

Ахматов Т.К. Звуковой строй современного киргизского литературного языка: (Экспериментально – фонетическое исследование. -661: Автореф. дисс. .докт. филол. наук). –Ф.: КГУ, 1969.- 69 стр.

Ахматов Т.К. Звуковой строй современного киргизского литературного языка: (Экспериментально – фонетическое исследование. –Часть 2. Пособие для студентов вузов).-Ф.: Мектеп, 1970.- 156 стр.

Ахматов Т.К., Супрун А.Е., Скирдов В.Д. Грамматика русского языка: (Часть 2. Синтаксис. Учебник для 7-8 классов киргизской школы). – Ф.: Мектеп, 1973.- 311 стр. (11 изд. данного учебника вышел в 1987г., в обьеме 237 стр.).

Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж., Иманов А. Азыркы кыргыз тилинин программасы: (Университеттердин филология факультеттери үчүн).-Ф.: КМУ, 1974. – 27 б.

Ахматов Т.К., Давлетов С.А., Жапаров Ш.Ж., Захарова О.В. Киргизский язык: (Учебник для русских групп вузов Киргизской Республики). –Ф.: Мектеп, 1975.- 302 стр.

Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж., Иманов А. Азыркы кыргыз тилинин программасы: (Жогорку окуу жайларынын филология факультеттери үчүн). –Ф.: Кыргыз ССР элге билим берүү министирлигинин окуу – методикалык кабинети; 1977. – 32 б.

Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж. Азыркы кыргыз тили: (Фонетика, лексика) . -Ф.: Мектеп, 1978. – 176 б.

Ахматов Т.К., Давлетов С., Сартбаев К., Иманалиев С. Тил илимине киришүү: (Жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн студенттери үчүн).-Ф.: Мектеп. 1980.- 172 б.

Кыргыз мектептеринин IV-X класстары үчүн кыргыз тилинин программасы.- Ф., 1983.-2,5 басма табак.

Ахматов Т.К., Супрун А.Е., Скирдов В.Д. Методические комментарии к синтаксическим таблицам по рускому языку для 7–8 классов киргизской школы: (Пособие для учителя).–Ф., 1984.

Ахматов Т.К. Жалпы тил илими: (Окуу куралы. 5-6- курстун студенттери үчүн).-Ф.: КМУ, 1986.- 44 б. Общое языкознание.

Ахматов Т.К., Супрун А.Е., Скирдов В.Д. Грамматика русского языка: (Синтаксис. Учебник для 7-8 классов киргизской школы). –Ф.: Мектеп, 1987.- 237 стр. (Бул эмгектин биринчи басылышы 1973-жылы 311 б. көлөмүндө жарык көргөн).

Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж., Асаналиев Ү., Сапарбаев А. Азыркы кыргыз тилинин грамматикасы: (Университеттин журналистика адистиги үчүн).-Ф.: КМУ, 1989.- 12 б.

Ахматов Т.К., Супрун А.Е., Скирдов В.Д. . Грамматика русского языка: (Синтаксис. Учебник для 8–9 классов киргизской школы). –Ф.: Мектеп, 1990.- 237 стр. (үчүнчү толукталган, такталган басылышы 1993–ж. жарык көргөн).

Ахматов Т.К., Өмүралиева С. Кыргыз тили: (Фонетика, лексика. Жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин студенттери үчүн окуу китеби).-Ф.: Мектеп, 1990.- 235 б.

Ахматов Т.К. Кыргыз адабий айтымынын негиздери.-Б.: Илим, 2000.- 12,3 басма табак.

Ахматов Т.К., Аширбаев Т. Иш кагаздары: (Мамелекеттик тилде иш жүргүзүү).- Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору:, 2001.- 168 бет.

Ахматов Т.К., Жалилов А., Айтманбетов А. Кеп маданиятынын негиздери боюнча программа: (Жогорку окуу жайлардын кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуган студенттери үчүн).–Бишкек,2002.–16 бет.

Ахматов Т.К. Кыргыз адабий тилинин нормалары – Б., 2003. -166 б.

Ахматов Т. К. Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна. – Бишкек: Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясы. Тил илими институту,2004.- 43 б.

Ахматов Т.К., Константин Кузьмич Юдахин: [Биобиблиография].- Б.: Evro, 2004.- 1,6 басма табак.

Ахматов Т.К. Болот Мураталиевич Юнусалиев: [Биобиблиография].- Б.: БГУ-Тил илими институту, 2004.- 55 бет.

Ахматов Т.К., Давлетов С.А., Жапаров Ш. Кыргыз тили: (Оңдолуп, толукталып, экинчи басылышы).-Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби.-Б., 2007.- 306 б.

Т.К.Ахматовдун шакирттери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

И л и м д и н д о к т о р л о р у 1999 105.Өмүралиева Сүйүмкан. Тексттин семантикасы жана структурасы. - Бишкек, 1999. 2003 106.Саматов Кубатбек. Кыргыз тилиндеги өң – түс сөздөрүнүн лексико – семантикалык жана стилистикалык мүнөздөмөлөрү. - Бишкек, 2003. 2004 107.Токтоналиев Курманбек Токтогулович. Кыргыз тилиндеги айтымдын коммуникативдик – функционалдык жана интонациялык структурасы: (Адистиги: 10.02.01 – кыргыз тили). - Бишкек, 2004. 2007 108.Абдувалиев Ибраим. Кыргыз тилинин кесиптик лексикасы: (Байыркы катмар; 10.02.01 – кыргыз тили). - Бишкек, 2007. – 40 бет. Камбаралиева Уулкан Жолдошбековна "Темпоральная категоризация в концептуальной картине мира (на материале русского и кыргызского языков)". (Специальности:10.02.20 - сравнительно-историческое, типологическое и сопоставительное языкознание; 10.02.19 - теория языка). - Бишкек, 2014. - 46 с.

Илимдин кандидаттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1971 109.Исабеков Мелис. Количественная характеристика гласных звуков в современном киргизском литературном языке: (Эксперементально – фонетическое иследование. 661 – языки народов СССР.- киргизский язык). - Ф., 1971.

1973 110.Ким Н. Н. Формирование грамматических умений по англисйкому языку в V – VII классах киргизской школы.- Москва, 1973.

1974 111.Шаменова Азия. Сопоставительные исследование структуры слогов в англиском и киргизском языках и дистрибуция в них фонем: (Специальность: 10.02.06; 10.02.04). - Ф., 1974.

1977 112.Титова Л.Н. Психолингвистический анализ словесных ассоциации в русском и киргизском языках: (Специальность 10.02.01). - Москва, 1977. 113.Филимошкина Н. М. Нарушение письма у киргизских школьников.- Москва, 1977.

1978 114.Байтерекова Гүлай. О фонологический интерпретации фонетических свойств звуков: (Экспериментально – фонетическое иследование особенностей восприятия длителности в киргизском и немецком языках). - Ленинград, 1978.

1980 115.Дүйшөев Жумакадыр. Интонация простого повествовательного предложения в современном киргизском языке: (Опыт экперементально – фонетического исследования. Специальность: 10.02.02). - Ф., 1980. 116.Чанаков Ырыскулбек. Интонация вопросительных предложений в современном киргизском литературном языке: (Опыт экспериментально – фонетического исследования. Специальность: 10.02.02). - Ф., 1980.

1981 117.Жапарова Калипа. Прямое дополнение в современном киргизском языке: (Специальность – 10.02.02.).- Ф., 1981. 1982 118.Усубалиев Бейшебай. Антонимы в киргизском языке: (Специальность 10.02.02). - Ф., 1982. 1983 119..Омуралиева Суюмкан. Многозначност слов в современном киргизском языке и ее лексикографическая разработка: (Специалность: 10.02.02.- киргизский язык).-Ф., 1983. 120.Салахитдинова Назира. Сопоставительно – типологическая характеристика структурно – позиционных типов слогов киргизского и русского языков: (Специальность 10.02.20). - Ф., 1983. 1984 121.Абдувалиев Ибраим. Конноспортивная лексика в киргизском языке: (Специальность 10.02.02 – Языки народов СССР, киргизский язык). - Ф., 1984.

1986 122.Ибраев Асылбай. Сопостовительная характеристика киргизских и англиских гласных фонем: (Эксперементально – фонетическое исследование).- Тбилиси, 1986.

1988 123.Жалилов Абдыманап. Лексико – ситилистические особенности устаревших слов в романах Тугельбая Сыдыкбекова: (10.02.06.- Тюркские языки, защитил 1988.08.12, в г. Баку. Институт языкознания АН Азербайжанской ССР). – Баку, 1988. 124.Кадырова Шарипа. Сонанты в современнов киргизско литературном языке: (Экспериментально – фонетическое исследоание).- Ф., 1988.

1997 125.Саматов Кубатбек. Цветообозначеия лексике в киргизском языке: (Специальность 10.02.02 – кыргызский язык). - Бишкек, 1997. 1998 126.Ормонбекова Ардакбүбү. Кыргыз тилинин Тогуз – Торо говору. (10.02.01).- Б., 1998.

1999 127.Камбаралиева Уулкан. Системно – семантические связи в лексике: (В сопоставлении киргизского и русского языков. 10.02.20 - сравнительно-историческое, типологическое и сопоставительное языкознание).- Б., 1999.- 26 с. 2002 128.Кадыралиева Диана Жеңишбековна. Фонетические особенности устной речи городских кыргызов: (Специальность – 10.02.01 – кыргызский язык). - Бишкек 2002.- 26 стр. 129.Саттаркулов Дөөлөтбек. М. Кашкаринин “Дивани лугат ит түрк”эмгеги жана кыргыз тили: (Түштүк-батыш говорундагы фонетикалык, лексикалык жалпылыктар жана айырмаылыктар. 10.02.01).-Б., 2002. 2003 130.Сыдыкова Толгонай Көчкөнбаевна. Барпы Алыкуловдун чыгармаларындагы диалектизмдер: (Адистиги - 10.02.01.- кыргыз тили).- Бишкек, 2003.- 19 бет. 2004

131.Семенова Жийдегүл Азимова. Глаголы движения в современнов кыргызском языке: (Специальность – 10.02.01- кыргызский язык).- Бишкек, 2004.- 26 стр. 2006 132.Кемельдинова Лира Маратовна. Способы передачи форм обращения в разносистемных языках: (10.02.20 – сравнительно – историческое, типологическое, сопостовительные языкознание). - Бишкек, 2006.

  • * * * *

Ар кандай обьективдүү жана субьективдүү себептерге байлыныштуу: Э.Асаналиева, Ж.Жетешев, Р. Кыдыкова, Б. Ныязалиев, К. Молтоев, В.Мусаева, И. Сагынбеков, Я. Фризен, Г. Шатманова жана башкалар кандидаттык диссертацияларын жактай элек.