Төкөлдөшев Касымалы

Википедия дан

Төкөлдөшев Касымалы (4.03.1918, Кожомкул, Жайыл району кыштагы - 29.09. 1978, ошол эле жер) - Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971; СССРде почточулардын ичинен 3-болуп алган).

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Почточулукту 20 жашынан баштаган.

Жумгалдан Суусамырга жалгыз аяк жол аркылуу ат менен гезит-журнал, кат ташып турган. Бул жол өтө татаал, кышы суук, Ураңкай өндүрүнө чыга бериште абанын температурасы бир топко төмөн түшүп, жолдо калган адамдар үшүккө чалдыккан учурлар болгон.

Ошого карабастан 1950-жылдан Панфилов районунун Көкөмерен (азыр Суусамыр) байланыш бөлүмүндө көп жыл почточу болуп үзүрлүү иштеген. Малчыларды мыкты тейлөөгө жетишкен.

Ал почточу болуп 40тан ашык (а. и. 13 жыл почтаны машина менен ташыган) жыл эмгектенген. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

1970-жылы Кыргызфильм студиясы тарабынан анын эмгек жолун чагылдырган даректүү «Почточу» фильми (режиссёру Бекеш Абдылдаев) тартылган[1].

Жубайы Төкөлдөшева Зуура Баатыр эне.

Уулу Төкөлдөшев Молдокерим ата кесибин улап, Кожомкул кыштагында почточу болуп эмгектенет. Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9

  1. Документальные фильмы студии «Киргизфильм», 1970