Абдылдаев Бекеш

Википедия дан

АБДЫЛДАЕВ Бекеш (1933-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Тегирменти айылы, — 15. 1. 2013-жыл, Бишкек шаары) — советтик жана кыргыз кинорежиссёру. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1979).

1957-жылы А. Н. Островский атындагы Ташкент көркөм театр өнөрү институтун бүткөн.

1957 — 1959-жылдары Ысык-Көл (мурунку Пржевальск) облустук драма театрында актёр, 1959-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында режиссёрдун ассистенти, 1962-жылдан адегенде 2-режиссёр, анан режиссёр болуп иштейт.

. Чыгармачылык жолунда көркөм тасма көрүнүктүү орунду ээлесе да, сүрөт чеберчилигин даректүү тасмаларда көрсөтө алды. Б. Абдылдаевдин дебют лентасы 1965-жылы Л.Гуревич менен бирге тарткан «Эң тил алчаак» тасмасы болуп эсептелет.

«Ой жүгүртүү»,« Проспект», «Жер кызы», «Тартуу», «Кыргызстан коммунисттеринин форуму», «Моюнга алуу» сыяктуу элүүдүн ашык киножурнал жана киноочерк, кыска жана толук метраждуу хроникалык-даректүү тасмаларды тарткан. Кыргызстан эгемендигин жарыялагандан кийин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда сабак берген.

Даректүү тасмалары: «Бак», «Өзгөндүк карыялар», «Нарын жылдыздары», «Рысжан», «Энергетиктердин достугу», «Нарындын жарыктары», «Саз жыйнаген адам», «Төкмө», «Кыргызстан — 71», «Почта», «Күмүш көгүчкөн» жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]