Уук учтук

Википедия дан

Топ ууктун учуна кийгизилүүчү кийиз менен таардан ичтелип жасалган баштык (кап). Чечилип жүктөөгө даярдалган боз үйдүн тепетең экиге бөлүнгөн ууктары «уук боо» аркылуу ороло байланат. Көчкөндө уук учтары сынбасы үчүн атайын уук кап тигилген. Мунун узуну бир метрдей, оозунун диаметри... см дей келип, аны беките байлоочу башында топ чачыланган боосу болот. Уздар муну да адими буюмдай кештелеп, бетине кооз оюмдарды жана көчөттөрдү түшүрүшкөн. Ал көчкөндө көч үстүндө көркөм көрүнгөн.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)