Феромондор

Википедия дан

Феромондор (грек тилинен phero – алып жүрүүчү, hormao – кыймылга келтирүү, дүүлүктүрүү) - жаныбарлардын өз түрүнө мүнөздүү башка особдордун жүрүш турумуна жана физиологиялык абалына өзгөчө таасир этүүчү сырткы айлана чөйрөгө бөлүп чыгарган биологиялык активдүү заттар. Биринчи таза түрүндөгү бомбикол деген жыныс феромондору (анын химиялык түзүлүшү да аныкталган) жибек курттарынан бөлүнүп алынган (А.Ф.Бутенандт).

НО – СН2 – (СН2)8 – СН = СН – СН =СН –(СН2)2 - СН3 Бомбикол Феромондор атайын бездердин жардамы менен иштелип чыгып, аларды кабыл алуу хеморецепторлор аркылуу ишке ашат. Ал эми кээ бир жаныбарларда жыт билүү органдары аркылуу жүрөт. Феромондор химиялык түзүлүшү б-ча ар түрдүү болуп, бир тектүү химиялык кошулмаларды (терпеноиддерди, стероиддерди, чексиз кислоталарды, альдегиддерди ж. б.) Жер үстүндө жашаган жаныбарлардын феромондору бир аз учма келип, алардын молекулалык массасы чектелбеген (айрыкча 300дөн ашпайт). феромондордун төмөнкү концентрациясы эле бир кыйла активдүү болот. Жаныбарлар бөлүп чыгарган феромондор бир канча компоненттердин аралашмасы болуп, тигил же бул даражадагы феромондук активдүүлүккө ээ. Феромондор көбүнчө жаныбарлардын кээ бир түрлөрү үчүн адистешкен бирок, бир түрдүн феромондору жакын тууганчыл түрлөргө таасирин тийгизгендиги жөнүндөгү көп мисалдар белгилүү.

Феромондор бир канча классификацияга ээ болуп, алардын таасирине жараша ар кандай терминология менен аталат. Мисалы, таасир этишине жараша жыныс феромондорру (жыныс атрактанттары, афродизиактар) айрым жыныстагы особдордун жолугушуусун камсыз кылуучу жана өз особдорун таануучу жыныстык жүрүм-турумун стимулдаштыруучу; белги берүүчү феромондор из куучу феромондор агрегациялык феромондор (көп сандагы жандыктардын топтолуусун камсыз кылуучу), жашаган аймагына белги салуучу феромондор. феромондордун ичинен бир кыйла жакшы окуп үйрөнүлгөнү курт-кумурскалардын феромондору. Коомдошуп жашоочу курт-кумурскаларда феромондор алардын колониясындагы татаал иерархиялык системаны, касталардын активдүүлүгүн жана аракеттенүү мүнөздөрүн жөнгө салат. Ал эми балыктар жана жерде сууда жашоочулардан жыныс феромондорун жана белги берүү (тревога) феромондор табылган. Сүт эмүүчүлөрдүн жыт бөлүп чыгаруусу айрыкча кемирүүчүлөрдүн, кээ бир туяктуулардын жана приматтарда жакшы окуп үйрөнүлгөн. Алардын феромондору жашаган аймактарын чектөө, душмандарынан коргонуу, энесин таанып, таба билүү жүрүм-турумунун формалары, ошондой эле физиологиялык жана эмоционалдык абалы үчүн таасирин тийгизет. Мисалы, чочкодо жыныс феромондорун эркектери шилекей бези аркылуу бөлүп чыгарып, ал стероиддик эки компонентке ээ жана ургаачыларынын кыймылын басаңдатуу позасын пайда кылат. Феромондор жаныбарлардын жүрүм-турумун башкарууну камсыз кылуучу эффективдүү каражат болуп саналат. Жыныстык атрактанттар жана агрегациялык феромондор зыянкечтер менен күрөшүүдө биологиялык ыкма катары колдонулуп, бир катар пестициддерди алмаштырууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4