Фукуока

Википедия дан
Фукуока.

Фукуока - Япониядагы шаар.

Фукуока префектурасынын адм. борбору. Кюсю а-да, Хаката булуңундагы (Япониянын түштүк-батышында) орточо Калкы 1,5 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Химиялык, машина куруу, электроника, текстиль, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Улуттук көркөм буюмдар (оюнчук, кездеме) даярдалат. ЖОЖдор, тарыхый музей (Рекиси-сирокан) бар. Байыркы Софуку-дзи, Сумиеси-дзингу храмдары сакталган. Шаар 1889-ж. негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4