Кюсю

Википедия дан

КюсюЖапониянын түштүгүндөгү арал. Тынч океан жана анын деңиздери (Чыгыш Кытай, Ички Жапон) жана кысыктары (Корей, Шимоносеки, Бунго) менен чулганат. Аянты 42 миң км2. Батыш, түндүк жана түштүк жээктери булуң-буйткалуу, чыгышы тегиз. Тоолуу, бийиктиги 1788 мге чейин (Кужю чокусу); аракеттеги жанартоолор (Асо, Киришима ж. б.) бар. Климаты субтропиктик; түштүгүндө тропиктик муссондук. Жылдык жаан-чачыны 3000 ммге чейин. Тайфун болуп турат. Дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө токой, шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Шалы, дан өсүмдүктөрү, бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү, тамеки эгилет. Таш көмүр кени бар. Кюсюда Китакюшю, Фукуока, Кумамото, Кагошима, Нагасаки ж. б. ири шаарлар жайгашкан. Аралдын аты япончо «Тогуз жер» деген маанини билдирет; анткени Кюшю. аралы администрациялык жактан 9 провинцияга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]