Нагасаки

Википедия дан
Нагасаки (2012).
Нагасаки (1945-жылдын 9-августунда).

НагасакиЯпониядагы шаар. Нагасаки булуңундагы эл аралык маанидеги порточо Чыгыш Кытай деңизинде, Кюсю аралынын батышында жайгашкан. Нагасаки префектурасынын административдик борбору. Калкы 438,2 миң (2012). Кеме куруунун ири борбору. Машина куруу, металлургия, нефть-химиялык, тактай тилүү, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Аскер-деңиз арсеналы. Балык кармоочу база. Университет, музейлер (анын ичинен соода-өнөр жай, шаардык, сүрөт, атом бомбасы) бар. Балыкчылардын тургун жайынын ордунда пайда болгон. 12-кылымдан белгилүү. Нагасакиге 2-дүйнөлүк согуштун аягында 1945-жылдын 9-августунда америкалыктар тарабынан атом бомбасы ташталып, андан катуу кыйроого учураган. 75 миңге жакын адам каза болуп, жаракат алган. Кийинчерээк кайра курулган. Япониядагы «кичинекей Рим» деп айтылат. Анткени өлкөдөгү эң ири христиан коому жашайт. Хиросимадан кийинки ядролук бомбалоодон жабыркаган дүйнөдөгү 2-шаар. Синтоисттердин Сува чиркөөсү (16-кылым), Софукудзи монастыры (1629), Кофукудзи будда храм комплекси (1620), Оура чиркөөсү (1864), Хонрендзи монастыры (1620), Меганэбаси көпүрөсү (1634) сакталган. Тынчтык монументи (1955) орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]