Чоң эрксиз көл

Википедия дан

Чоң эрксиз көл (англисче: Great Slave Lake) Канаданын түндүк-батышында, деңиз деңгээлинен 156 ж бийиктикте жайгашкан.

Түндүк Америкадагы терең көлдөрдүн бири, тереңдиги 614 -мге чейин жетип, орточо тереңдиги 150 мди түзөт. Аянты боюнча дүйнөдө 10-орунда (28,4 миң км2) турат. Уз. 480 км, туурасы 19-109 км, көлөмү 2090 км3. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Жээги негизинен дөңсөөлүү. Көлгө Эрксиз, Хей ж. б. дарыялар куюп, Макензи д. агып чыгат. Октябрдан июлга чейин тоңот. Кеме жүрөт. Башкы порттору: Форт-Резольюшень, Йеллоунайф.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4