Эверест (тасма)

Википедия дан

"Эверест" (англ. Everest) — биографиялык окуя тасмасы. Режиссеру Балтазар Кормакур. Продюсерлери Кормакур, Тим Беван, Эрик Феллнер, Ники Кентиш Барнс, Тайлер Томпсон жана Брайан Оливер. Сценарийин Бек Уизерстин "Эвересттен үйгө чейинки сапарым" аттуу мемуарына (2000) ылайыкташтырып жазгандар Уиллиям Николсон менен Саймон Бүфой. Тасмада образдарды жараткандар Жейсон Кларк, Жош Бролин, Жон Хокс, Робин Райт, Майкл Келли, Сэм Уортингтон, Кира Найтли, Эмили Уотсон жана Жейк Гилленхаал. Тасма 1996-жылы Эверест чокусундагы болгон кырсыктуу окуяга негизделип тартылган. Анда бири Роб Холлдун (Кларк), экинчиси Скотт Фишердин жетекчилиги (Гилленхаал) астындагы эки топтун жан сактоо аракети тууралуу баяндалат.

Тасма 2015-жылдын 2-сентябрында Венеция эл аралык кинофестивалынын ачылышында коюлган. Кинотеатрларда көрүүчүлөргө ошол эле жылдын 18-сентябрынан тарта сунушталган.[3] Ошол жылдын 18-сентябрынан тарта АКШ, Канада жана башка 36 өлкөдө алгач чектелген түрдө көрсөтүлгөн. 25-сентябрдан кийин гана АКШда калктын кеңири катмарына көрсөтүлө баштаган. Кинотасма коммерциялык ийгилик жарата алган. 55 млн доллар бюджет менен тартылган тасма 203 млн доллар киреше топтоп, киносынчылардын да оң баасына татыган.

Кормакур, Universal, Walden Media, Cross Creek жана Working Title компаниялары тасманын 3D форматын британиялык раматылык актриса Наташа Ричардсонго арнашкан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]