Электр станциясы
Электр станциясы — электр энергиясын алууда пайдаланылган орнотмолор менен жабдуулардын, ошондой эле белгилүү бир аймакта жайгашкан курулмалар менен имараттардын тобу.
Пайдаланылып жана курулуп жаткан электр станциясы энергия булагына карата жылуулук электр станциясы, атомдук жана гидро электр станциясы, магнит-гидродинамикалык генератор ж. б. болуп айырмаланат. Электр станциясынын башка түрлөрүнө Күндүн, шамалдын, жер астынан чыккан ысык суулардын энергиясы менен иштеген станциялар кирет. Алардын жалпы электр өндүрүшүндө мааниси аз.
Кыргызстан
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстанда 1-электр станциясы Ош шаарында Ак-Буура дарыясында курулган. Анын турбинасынын кубаттуулугу 180 кВт, генератору 55 кВт болгон. Нарын дарыясында — Токтогул (1200 МВт), Ат-Башы (40 миң МВт), Үч-Коргон (180 МВт) КүрпСай (800 МВт), Камбар-Ата, Таш-Көмүр ГЭСтери иштеп жатат. Бишкекте 800 МВттык, Ош шаарында 50 МВттык ЖЭБ иштейт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4