Исаак Израилевич Бродский

Википедия дан

Исаак Израилевич Бродский- Советтик сүрөтчүлөрдүн улуу муундарынын өкүлү.

Исаак Бродский Израилевич (мурдагы) Бердянский уездине караштуу Софиевка кыштагында 1884-жылы туулган жана 1939-жылы дүйнөдөн кайткан.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач ал Одессадагы сүрөт окуу жайынан окуп, 1902-жылы Петербургдагы сүрөтчүлөр академиясына кирип, И. Е. Репинден окуган.Анын айтуусу боюнча искусствону жашоо катарында кабыл алган. "Репин искусстводогу реалисттик чындыкка менин умтулгандыгымды биротоло чыңдады жана жипопистеги бурмалоолорду,жалган нерселерди жек көргөндүгүмдү бекемдеди"- деп сүрөттү оз эскерүүсүндө жазган. Исаак Бродский Израилевич 1905-жылдагы революциялык кыймылга катышкан,сатиралык "Пламия" журналына карикатураларды жарыялаган. "Красные похороны" деген картинасы көргөзмөдөн алынып, полиция тарабынан конфискацияланган. Революцияга чейин пейзаж жагынан көп иштеген. "Провинциядагы кыш","Ириң караңгы" деген картиналары автордун жаратылышка болгон кызыгуусун, сүйүүсүн арттырган. 1919-жылы "И. Ленин жана манифестация" деген картинасы жана монументалдык бир катар полотнолору жаралган. И. Бордский дагы бир кеңири белгилүү "Бакулук 26 комиссардын аталышы"(1925) деген полотносу узак жана өтө дыкаттык менен тартылган ишинин жемиштүү натыйжасы.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын чыгармачылык мурастарынан биз А.М.Горький, С.М.Киров, М.Фрунзе, К.Орджоникидзе, В.В.Куйбышев, К.Э.Ворошилов сыяктуу көрүнүктүү ишмерлердин портреттери менен да кезигишебиз. 1930-жылы тартылган "В.И.Ленин Смольныйда", "В.И.Ленин Кремлдин жанында", "В.И.Ленин Путилов заводунда" деген сүрөттөрдү,живописи,графикасы сүрөт искусствосуна бирден-бир салым кошкон классикалык чыгармалардан болуп саналат.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1934-жылы Ленинграддагы Бүткүл Россиялык сүрөтчүлөр академиясынын директору болот.Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бродский И.И // Кыргыз Совет Энциклопедиясы.-Ф.,1976.Т.1.561;
  • И.И.Бродский //Жаш ленинчи.-1974.-№1.-Б.2;
  • Глузман Г.Художник И.И.Бродский //Сов.Кыргызстан.-1964.-5-январь.