Левеллерлер

Википедия дан

Левеллерлер (англ. Levellers — теңдегичтер) — Англиядагы бурж. рев-янын (17-к.) радикалдуу майда бурж.-демокр. партиясы.

1647-ж. өзүнчө жалпы улуттук топко калыптангыча индепенденттердин солчул агымы катары жашаган.

Л. негизинен кол өнөрчү, майда соодагер, солдаттарга таянып, өлкөдө республиканын орношу, лорддор палатасынын жоюлушу, соода эркиндиги үчүн күрөшкөн. Анткен м-н жеке менчиктин сакталышын жактап, кедейлерден кол үзүп, индепенденттерге каршы күрөштө жеңилген ж-a 17-к-дын 50- жылдарында саясий күчүнөн ажыраган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.