Айтбаева, Айым Айтбаевна

Википедия дан
Айтбаева Айым Айтбаевна

Айым Айтбаевна Айтбаева (09.02.1917-27.06.1978) - Прозаик-жазуучы, 9 - феврал 1917-жылы Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Челпек айылында кедей дыйкандын үй-үлөсүндө туулган. Мама, я в телевизоре

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1928-жылдан тарта мурдагы Пржевальск шаарында балдар үйүнө тарбияга берилген, кийин ар тараптуу технологиялык мектебинде окуусун улантат. 1929-жылы Айтбаевага мурдагы Фрунзе шаарындагы советтик партия мектебине жолбомо беришет. 1931-жылдан 1934-жылга чейин Ленинграддагы советтик өлкөлөрдүн аз улутчулдар мектебинде окуган. Ал мектеп негизинен жалпы билим берүү мектеби болуп саналган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык унивеситетин аяктаган, ал эми 1953-жылы Москвадагы ЦК КПСС жогорку партиялык мектебин бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айым Айтбаевнанын ишмердүүлүгү 1934-жылдан башталат. 1934-жылдан 1936-жылдар ичинде «Кызыл Кыргызстан» гезитинин адабий жанры боюнча редактор, 1936-жылдан 1938-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинин бөлүм башчысы, 1938-жылдан 1941-жылга чейин жумушчуларды маданиятка үндөө мектебинде - география мугалими, 1942 - 1944-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин бөлүм башчысы, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, 1948-жылдан 1950-жылга чейин Кыргызстан ЦК ЛКСМинин катчысы, 1953-жылдан 1954-жылдар аралыгында «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, 1956-жылдан 1959-жылга чейин Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин адабият бөлүмүн башчысы, 1962 - 1973-жылдары «Кыргызстан аялдары» журналынын жоопту катчы болуп эмгектенген.

Маданиятка кошкон салымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтбаева, маданият жаатында 1936-жылдан баштап аралаша баштайт. Анын биринчи макалалары, очерктери жана фельетондору балдарга арналат. 1960-жылы Айым Айтбаевнанын «Турмуш чакырат» деген аталыштагы повести китеп түрүндө жарыкка чыгат. Жазуучунун маданий ишмердүүлүгүндөгү ири кадамдарынын бири болуп 1966-жылы чыккан «Тамчы кап» романы саналат. Бул роман 1969-жылы орус тилине которулуп басылмага берилген, ошол эле учурда «Атанын жакоосу» деп аталган чыгармалар жыйнагында «Тамчы кап» романы эстон тилине которулуп, чыгарылган. Республикадагы басма жаатында иштеп жүрүп, Айым Айтбаевна, очерктерди, публицистикалык макалаларды, мамлекеттин маданий жана коомдук турмушун чагылдырган макалалардын чыгышына көп кучүн жана убактысын жумшаган

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сырлуу конгуроо: Аңгемелер. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. — 92 б. Таинственный колокольчик.
  • Турмуш чакырат: Повесть. — Ф.: Кыргызмамбас, 1960.— 198 б. Жизнь зовет.
  • Атанын жагоосу: Ангеме. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. —40 б. Галстук отца.
  • Торсогой: Аңгемелер. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. —32 б.
  • Тамчы кан: Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1966.— 447 б. Капли крови.
  • Атанын аманаты: Аңгемелер жана повесть. — Ф.: Мектеп, 1971. — 75 б. Наказ отца.
  • Жер астында эмне жашайт: Аңгеме. —Ф.: Мектеп, 1974. — 12 б. Кто живет под землей.
  • Эне үмүтү: Аңгемелер жыйнагы. — Ф.: Кыргызстан, 1975. —188 б. Надежда матери.
  • Атанын жагоосу. —Ф.: Мектеп, 1982.— 36 б. Галстук отца.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жизнь зовет: Повесть,— Ф.: Киргизгосиздат, 1962.— 144 с. Таинственный колокольчик: Рассказы. —Ф.: Мектеп, 1966. — 70 с. Галстук отца: Повесть.—М.: Дет. лит., 1969. — 95 с. Капли крови: Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1969.— 360 с. Капли крови: Роман.— Ф.: Кыргызстан, 1981, — 352 с.

Эстон тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Галстук отца: Рассказы. — Таллин: Ээсти Раамат, 1971. — 66 с.— эст.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-жылы КПСС мүчөсү, 1959-жылы «Ардак Белгиси» ордени, «Эмгекке болгон салымы үчүн» медалы, «В.И.Лениндин 100 жылдык туулган күнүнө арналган - эмгекке болгон салымы үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталарынын ээси. 1948 - 1950-жылдары ЦК ВЛКСМдин мүчөсүнө кандидат, 1948 - 1953-жылдары Кыргызстан ЦК ЛКСМнин мүчөсү, 1956-жылы Кыргызстан ПК КП мүчөсүнүн кандидаты.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]