Банжул

Википедия дан
Банжул
шаар
Банжул
Банжулдагы Фахад кан мечити
Банжулдагы Фахад кан мечити
Өлкө Гамбия
Area
 • Total 36 sq mi (93 km2)
Population (2003)
 • Total 357 238
Time zone GMT


Банжул, Банджул Гамбия Респудликасынын борбор шаары. Банжул округунун администрация борбору. Калкы 34,6 миң (2005). Сент-Мэри аймагынын чыгышындагы порт. Гамбия дарыясынын чатында жайгашкан. Эларалык аэропорту бар. Деңиз кемелерин куруучу, жеңил, жыгаччылык, эмерек, полигр. өнөржайлары, май (пальма) заводу бар. Жержаңгакты иргеп, белендейт жана сыртка чыгарат. Жашылча, балык консервалоо ишканалары иштейт. 1816-ж. англичандарm тарабынан Батерст (англ. граф Батерсттин ысмынан) деген ат менен негизделип, 1973-жылдан азыркы атында аталат. Шаардын борбордук бөлүгүндө европалык, чет жакасында африкалык типтердеги курулуштар курулган. Улуттук китепкана (1985), Улуттук музей (1962), Орнитология коому (1974) иштейт.