Борбордук нерв системасы

Wikipedia дан

I. Моюн нервдери.
II. Көкүрөк нервдери.
III. Бел нервдери.
IV. Куймулчак нервдери.
V. Чычаң нервдери.
-/-
1. Баш мээ.
2. Аралык мээ.
3. Ортоңку мээ.
4. Варолиев көпүрөчөсү.
5. Мээче.
6. Сүйрү мээ.
7. Каракуш мээ.
8. Моюн жону.
9. Бел жону.
10. Жүлүн.
11. Куймулчак (жон мээ).]] Борбордук нерв системасы, адамдын жана татаал түзүлүштүү жаныбарлардын мээ системасынын негизги бөлүгүн түзөт, четки нерв системасынан өзүнүн топтошуп жана кыртыш сымал болуп жайгашкан нерв клеткалары менен айырмаланат. Борбордук нерв системасына мээ жана жүлүн кирет. Анын түзүлүшү эң татаал. Борбордук нерв системасынын түзүлүшүн жана негизги закондорун ачууда 19—20-кылымдардагы улуу орус окумуштуулары И. М. Сеченов, В. А. Бец, И. П. Павлов, В. М. Бехтерев, Н. С. Введенский жана А. А. Ухтомский жана башка эмгектери өтө зор.

Борбордук нерв системасы негизинен милдетти[оңдоо]

1. Организмдеги бардык органдарды жана системаларды бири-бири менен бириктирип байланыштырып турат, башкача айтканда денедеги бардык түзүлүштөрдү бүтүндөй бир организмге баш ийдирет;

2. Денедеги сезүүчү органдардын жардамы аркылуу адамды курчаган айлана-чөйрөдөн кабар алып, организмди сырткы дүйнө менен байланыштырып, анын ар түркүн кубулуштары менен тааныштырат.

Негизги белгилери түзүлүшү жана функциялары[оңдоо]

Борбордук нерв системасынын негизги структуралык жана кызмат аткаруучу элементи — нейрон. Организмдеги бүткүл нерв талчалары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Борбордук нерв системасы организмдин чөйрө менен байланышын жөнгө салып, кылык жорук реакциясын башкарып, дененин бардык органынын иш-аракетин координациялайт. Анын ишинин негизин рефлекстер түзөт.

Борбордук нерв системасынын башка организмдер менен нервдик байланышы 12 жуп мээ нерви жана 31 жуп жүлүн дүмүрчөгү аркылуу ишке ашат. Жүлүнгө арткы дүмүрчөгүнүн афферент нерви аркылуу териден, булчуңдан, бир аз ички органдардан жана кол-буттан «кабар» келип турат. Алдыңкы дүмүрчөгүнөн эфферент нервдери чыгып, ал аркылуу скелет булчуңуна башкаруучу импульстар келет (к. Четки нерв системасы). Ушул эле жерде вегетатив нерв системасынын ички органдардын ишин башкаруучу импульстарды берүүчү талчалар өтөт. Жүлүндүн ак затынын составындагы афференттүү (борборго умтулуучу) жол менен мээге (к. Анализаторлор), ал эми жогортон төмөн карай эфференттүү (борбордон четтөөчү) жол аркылуу жүлүнгө борбордук нерв системасынын жогорку бөлүгүнөн буйрук келет. Жүлүн жабыркаганда афференттүү жана эфференттүү импульстар бузулат.

Жүлүндөн мээге жана андан жүлүнгө келүүчү бардык нерв жолдору мээнин сөңгөгү аркылуу өтөт. Догосу сүйрү мээ аркылуу өткөн рефлекстер, жүлүн рефлексине караганда татаал болуп, ага дем алуу, кан айлануу, тең салмактуулук, ошондой эле чайноо, соруу, жутуу, кусуу, чүчкүрүү, жөтөл сыяктуу рефлекстик акт мисал болот. Сүйрү мээ кырсыкка учураса дем алуу жана кан айлануу токтойт, өмүргө коркунуч туулат. Сүйрү мээнин төрт дөбөчөсүндө көрүү, угуу, көз кыймылдаткыч борборлор жайгашкан. Көргөзгүч урчукта бүт организмдин жүлүндөн, сүйрү мээден жана ортоңку мээден жарым шардын кыртышына келүүчү сезгич жолдор чогулат. Аралык мээ тамактануу, кан айлануу жана зат алмашуу процессин жөнгө салат, ошондой эле жүрөк кан тамыр жана эндокрин системасынын функциясы менен ички жана сырткы кабыл алууну байланыштырат. Мээ сөңгөгүнүн ретикул формациясы, гипоталамус, көргөзгүч урчугу сыяктуу түзүлүшү мээ кыртышына активдештирүүчү жана тормоздоочу таасир берүүгө жөндөмдүү. Ушулар аркылуу организмдин уйку, сергектенүү, ачка болуу, суусоо, ооруу жана башка ишке ашат. Чоң жарым шардын кыртышынан келүүчү импульс өтүүчү жол мээ сөңгөгү аркылуу өтүп, жүлүндүн кыймылдаткыч клеткаларына жетет. Мээ кыртышынын оң тарабынан келген импульс жүлүндүн сол тарабына, сол тарабынан келген оң тарабына өтөт. Мээ кыртышынын бир жагына кан куюлса, дененин карама-каршы тарабындагы булчуңдар шал болот.

Мээ кыртышы 200 млрд нерв клеткасынан (нейрондон) турат. Бул клеткалар ар кандай формада болуп, көп катар жайгашат жана бири-бири менен өсүндүлөрү аркылуу биригет. Дененин ар кайсы бөлүгүнөн, орган жана тканынан келген импульстар кыртыштын ар кайсы жерине келет.

Кишинин ар бир жүрүш-туруш актында борбордук нерв системасынын жүлүндөн тартып мээ кыртышына чейинки бардык бөлүктөрү алар башкаруучу органдар менен биргелешип иштеп, функциялык системаны түзөт. Кайсы мөөнөттө болбосун борбордук нерв системасынын абалы организмдин талабына көз каранды. Татаал түзүлүштүү жаныбарлар менен кишинин ички чөйрөсүнүн туруктуулугун бир калыпта кармап турууну сүйрү, ортоңку жана аралык мээлердин атайын мээ кыртышынын астындагы борборлор камсыз кылат. Алар организмдин ички ресурстарын керектүү учурда жөнгө салып турат. Бирок бул ресурстардын чеги болот, мисалы, күн ысыкта жылуулукту жөнгө салуунун физиологиялык мүмкүнчүлүгү жетпей калган учурда биз желдеткичти коёбуз, суукта тон киебиз, бул — жүрүш-туруш реакциялары. Борбордук нерв системасынын оорулары. Борбордук нерв системасынын жабыркашы анын өөрчүшүнүн жана кан айлануусунун бузулушу, кырсыкка чалдыгуу, сезгенүү, шишик жана башкаларга байланыштуу болот. Мээнин жана жүлүндүн кемтиги өөрчүп жаткан түйүлдүккө ар кандай тескери таасирден (кош бойлуунун жугуштуу оору менен оорушу, травма алышы, радиоактивдүү заттардын таасири, ата же эненин аракечтиги, ууландыргыч химиялык заттардын таасири) болот. Кээ бир кемтиктин өөрчүшүндө тукум куума фактордун мааниси чоң (к. Тукум куума оорулар). Өөрчүү кемтигине мээнин жана баш сөөгүнүн өөрчүбөй калышы, гидроцефалия кирет. Борбордук нерв системасы баш сөөк жана омуртка начар өөрчүгөндө да жабыркайт. Чоң кишилерде мээ жана жүлүндө кан айлануунун бузулушу гипертония оорусу, атеросклероз менен ооругандарда көп байкалат. Ал мээ кан тамырларынын спазмы же бүтөлүп калышы (тромб), ошондой эле мээге кан куюлуудан болот. Эгерде аз убакытка кан куюлса мээнин иши тез калыбына келет. Эгерде мээ кан тамырлары өтө жабыркаса инсультка алып келет. Балдарда чоң кишилерге караганда мээде кан айлануу чанда бузулуп, ал мээнин кан тамырларынын жабыркашы же кан ооруларына байланыштуу болот.

Борбордук нерв системасынын бардык бөлүгүндө шишик болушу мүмкүн. Бул шишиктер туюк баш сөөктүн же омуртка көңдөйүндө болгондуктан, ал мээни, жүлүндү, артерия жана вена кан тамырларын, мээ кабыгын кысат, жүлүн суюктугунун айланышын бузат.

Борбордук нерв системасынын сезгенүү ооруларына энцефалит, менингит кирет. Ортоңку жана ички кулак жана кээ бир ички органдар ириңдегенде Борбордук нерв системасына ириң өтүп, абцесс пайда болушу мүмкүн.

Баш травмасынан ымыркайлардын төрөттөн жабыркашы көп учурайт. Баланын башы төрөт жолунан чоң болсо, төрөттө баланын башы бир аз кысылып чыгат. Дени соо балага бул кысылуу таасир этпейт. Эгерде бала алсыз, курсактагы кезинде кычкылтек жетишпей же кандайдыр бир оору таасир эткен болсо, анын мээси кичине эле кысылууну көтөрө албайт.

Борбордук нерв системасынын кызматынын бузулушуна байланыштуу ооруларда (к. Неврастения) оорулуунун алы кетет, бат чарчайт, эске тутуусу начарлайт, урушчаак болуп кетет. Борбордук нерв системасынын ооруларынын өзгөчө тобун психикалык оорулар түзөт.

Дарылоо оорунун себебине жараша жүргүзүлөт. Азыркы мезгилде борбордук нерв системасынын көп ооруларын өз убагында жана туура дарылоо жүргүзүлгөндө жакшы натыйжа берүүдө. Өзүн-өзү дарылоо организмге өтө зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8