Жыгач устачылык

Википедия дан

Жыгачтан түрдүү буюм жасоо чеберчилиги. Буга жыгач буюмдарын жасоо, алардын бөлүктөрүн бири бирине туташтыруу, бекитүү (аштоо), жыгачты механикалык жол менен иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалгалоо, жылмалоо иштери кирет. Жыгач усталар кыргыздарда жыгаччы же түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу болуп бөлүнгөн. Жыгаччылар - боз үйдүн жыгачтарын; ээрчи - ээр, айырмач, ыңырчак; кырмачылар- аяк, табак, чара, чөмүч, тепши, челек, чыныкап, кашык, соку, сокбилек, ийик; тактачы - сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк, чана, чарпая; комузчулар- комуз, кыяк, чоор, тактеке, добулбас жасашкан.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]