Исанов, Насирдин

Wikipedia дан
Исанов, Насирдин


Насирдин Исанов (1943-ж. т., Ош облусу, Ноокат району, Көкбел айылы – 1992, Бишкек) – коомдук-мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (1991–1992). Экономикалык илиминин кандидаты, СССР инженердик академиясынын академиги (1991). Москва курулуш трестинде жумушчу (1960–61). 1965-ж. Москва инженердик-курулуш институтун бүтүргөн. 1965–70-ж.ж. «Ошшааркурулуш» трестинин 3-курулуш монтаж башкармалыгынын прорабы, участоктун начальниги, башкы инженери. 1970–74-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, «Нарынсууэнергиякурулуш» башкармасынын парткомунун катчысы. 1974–83-ж. Кыргызстан ЛКЖСМ Ош обкомунун 1-катчысы, курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысы. 1983–86-ж.ж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин министри (1986–88). 1988–90-ж. Ысыккөл облустук Советинин аткомунун төрагасы (1988–90). Кыргыз Республикасынын вице-президенти (1991). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. автору: Каныбек Уулу Адилет

Колдонулган адабияттар[оңдоо]