Кирена мектеби

Wikipedia дан

Кирена мектеби – Байыркы Грецияда Сократтын окуучулары тарабынан негизделген этикалык мектеп.

Гедонисттик (грек. hedone – ырахат, кумар, жыргал) же киреналык (Кирена – түндүк Африкадагы шаар) мектепти гректердин түндүк Африкадагы бай колониясы болуп эсептелген Кирена шаарынан чыккан софист Аристипп негиздеген.

Сократтын даңкын угуп, Грецияга келип, афиналык акылмандын окуучусуна айланган. Бирок, Сократ менен таанышкандан кийин Аристипп өзүнүн моралдык-философиялык көз караштарынан баш тарткан эмес жана устатынын өлүмүнөн кийин аларды андан ары өнүктүргөн. Аристипп жаратылышты окуп-үйрөнүүгө каршы чыккан. Анын пикири боюнча, адамдын жашоосунун маңызын рахат, жыргал, кумар түзөт. Адамга өмүр бир жолу берилген, ошодуктан, ал жашоодон максимум рахат алууну максат кылуусу зарыл. Демек, жашоонун максаты – рахат, ал эми рахаттар менен жыргалдардын жыйындысы бакытты берет, байлык рахатка жетүүнүн каражаты.

Философия болсо рахат алуу жана бактылуу болууп жашоону иш жүзүндө ашырууга жарактуу илим болуп эсептелет. Ашыкча рахаттан азап тартпоо үчүн адам аларды туура баалай билүүсү абзел. Ал рахаттарды баалоо өнөрүн Сократтан үйрөнгүсү келген. Аристипптин пикири боюнча философия практикалык гана максаттарга ээ, теориялык таанып-билүү мүмкүн эмес деп үйрөткөн.

Аристиппти сенсуализмдин негиздөөөчүсү деп айтууга болот. Ал ар бир адам душмандар тарабынан курчалган шаар сыяктуу өз сезимдеринин туткуну деген. Биз сырткы себептерди биле албайбыз, анткени, сезимдер гана нерселер тууралуу маалыматтарды берет, ошондуктан, сезимдердин маалыматынан башка нерсени билүү мүмкүн эмес. Демек, сезимдер биздин субьективдүү кабыл алууларыбыздын негизи болуп саналат. Биз таттуулукту, актыкты сезебиз, бирок, бул сезимдерди пайда кылган нерселер таттуу же ак экендигин билбейбиз. Анткени, сезимдер субьективдүү гана мүнөзгө ээ, биз курчап турган дүйнөнүн нерселери же башка адамдардын сезимдери тууралуу эч нерсе биле албайбыз. Анын үстүнө, дүйнөнүн нерселери же башка адамдардын сезимдери биз үчүн практикалык мааниге ээ болбогондон кийин, аларды таанып-билүүнүн кажети не? Аристипптин мындай скептикалык теориясы софисттердин, өзгөчө, Протагордун окуусунун таасири астында калыптанса керек.

Аристипп тууралуу философ-тарыхчы Диоген Лаэртский кеңири маалыматтарды жазып калтырган. Анын эскерүүлөрүнө караганда, Аристипп көңүлү куунак, бейкапар, куюлуштуруп сүйлөгөн, элди өзүнүн тапкычтыгы, өткүрлүгү, курч акылы менен таң калтырган, рахаттанууну жакшы көргөн, бирок, ашыкча каалоолор менен кумарларды ооздуктай билген, уруш-талашты жактырбаган жана өзү биринчи болуп элдешүүнү сунуш кылган адам болгон. Кийин ал Киренадагы өз мектебин кызы Аретага өткөрүп берген. Ал болсо өз уулу кичүү Аристиппти таятасынын окуусун улоого тарбиялаган. Ошондуктан, ал «энесинен окуган» деген атка конгон.

Кичүү Аристипптин шакирти болуп, Феодор эсептелген. Ал Аристипптин негизги абалдарына таянуу менен алардан ашынган корутундуларды алган. Ар кандай иш-аракет ошол иш-аракетти кылган адам үчүн алып келген кесепеттери боюнча бааланат. Бардык адеп-ахлак эрежелери жана нормалары шарттуу мүнөзгө ээ, анткени аларды адамдар ойлоп чыгышкан. Табияты боюнча уят эч нерсе жок, ошондуктан, «карапайым калкты» ооздуктоо үчүн түзүлгөн адеп-ахлак эрежелеринен уялуу кажетсиз. Зарылдыктан улам адам ууру кылып, ушак сүйлөп, уят иштерди кылса, эч нерсе эмес. Адам өзү үчүн гана пайдалуу болгон мыйзамдарга баш ийиши керек. Орой эгоизм адамдын эң мыкты сезимдери менен сапаттарын баалоого мүмкүндүк берет.

Акылмандын ата мекени да, достору да жок: акылсыздар бири бирине керек болгондуктан гана өз ара достошушат. Акылман эч кимдин жардамына муктаж эмес, анын мекени болуп бүткүл аалам эсептелет. Феодордун атагын чыгарган мындай корутундулар, ошондой эле анын аскетизми, кудайларды четке кагуусу киниктердин окуусуна жакын болгон.

Феодордун пикири боюнча, айрым гана жагымдуу сезимдер эмес, жалпы рухтун жадыраган маанайы адам турмушунун максаты болуп саналат. Жамандык менен жакшылыктын маңызын айрым рахаттар менен азаптар гана эмес, шаттык менен кайгы да түзөт. Шаттык жашоонун маңызы болуп эсептелет жана акылга таянат, кайгы болсо акылсыздыктан улам пайда болот. Демек, акыл жакшылыктын, акылсыздык жамандыктын башаты. Ал эми рахат менен азаптар өз алдынча турганда бакытты да, бактысыздыкты да, шаттыкты да, кайгыны да түзбөгөн абалдар болуп саналышат. Демек, Феодордун окуусунда айрым рахаттын ордуна айрым кумарлар менен азаптардан көз каранды болбогон рухтун жалпы абалы коюлган. Көз ирмемдик сезим рахаттарын даңктаган Аристипптин куунак окуусунун ордуна Феодор рахаттар менен азаптардан «акыл» аркылуу бошонуу принцибин киргизген. Ошентип, Феодордун окуусунда гедонизмдин негизги принциби четке кагылып, кинизмге жакын окуу түзүлгөн. Бирок, Феодор Аристипп сыяктуу эле акылды жакшы турмушка жетүүгө көмөк берген практикалык каражат катары караган.
Мисалы: бир жолу Феодор көп сандаган окуучулары менен жер-жемиш жууп жаткан киник Метроклдын жанынан өтүп бара жатса, Метрокл ага: «Эгер сен жер-жемиш тазаласаң, ушунча адамды окутам деп баш оорутмак эмессиң», – деп кайрылат. Анда Феодор: «Эгер сен адамдар менен тил табыша билсең, жер-жемиш жууп убара болмок эмессиң», – деп жооп берген экен. Ушундай эле принциптер б. з. ч. 3-кылымдын башында Александрия шаарында билим алган киреналык мектептин дагы бир чыгаан өкүлү Гегезийдин окуусунда да кездешет. Гегезий акырындык менен Аристипптин куунак философиясын эң түнт пессимзмге айландырып жиберген. Анын пикири боюнча, Аристипп тарабынан жашоонун максаты рахат деп коюлган принципти ишке ашырууга болобу деген суроону койгон жана терс жооп берген.

Жашоонун маңызын түзгөн рахаттарга жетүү мүмкүн эмес. Анткени, өз табияты боюнча эч нерсе жагымдуу да, жагымсыз да болуп эсептелишпейт: бирөөгө жагымдуу нерсе экинчи адамга жагымсыз. Жыргалчылык, рахат биздин жашообуздун максаты, бирок биз пайда табуу үчүн гана жашайбыз, ал эми ач көздүккө негизделбеген бир да иш-аракет жок. Ач көздүк менен пайдага негизделген рахат башка адамды бактысыз кылат.

Бакытка жетүү мүмкүн эмес, анткени, турмуш ар кандай жаман нерселерге толгон. Тагдыр биздин үмүттөрдү дайыма кыйратып турат. Өз маңызы боюнча өмүр менен өлүм тең мааниге ээ болгондуктан бактылуу болуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, акылман адам жетүү мүмкүн болбогон бакыт менен рахаттардын артынан сая түшбөйт, ал ашыкча оор тагдырга учурабаш үчүн кайгы-кападан алыс жашоого умтулат. Бул болсо, бардык сырткы жыргалчылыктарга кайдыгер мамиле кылганда гана ишке ашат. Ошентип, Гегезийдин окуусунда да киниктердин көз караштарына жакындоо байкалат.

Гегезий өз окуусунда жашоонун маңызына жетүү мүмкүн болбосо, анда жашоонун кереги эмне деген суроону койгон да, жашоонун капканынан өз жаныбызды кыюу менен гана чыга алабыз деген бүтүмгө келет. Цицерондун маалыматтары боюнча, Гегезийдин тыянактары менен бушайман болгон окуучулардын көпчүлүгү анын дарстарынан кийин өз жандарын өздөрү кыйышкан. Ошол себептен, Птоломей Гегезийге Александрия шаарына лекция окууга тыюу салган. Птоломейдин мезгилинде жашаган дагы бир философ Анникерс жашоонун маңызы болуп жалгыз гана рахат эсептелет деген көз карашка каршы чыккан. Ал бул кем дүйнөдө азаптар рахаттарга караганда үстөмдүк кылаарына макул болгон. Бирок, азаптын болбошу, же жансыз өлүктөргө гана мүнөздүү болгон сезимсиздик да бакытка алып келбейт. Акылман адам сезимдик рахаттардан гана эмес, адамдар менен пикир алышуудан, ак мээнеттен, түз жүрүүдөн да бактылуу боло алат.

Анникерс башка адамдын сезим рахаттарын таанып-билүү мүмкүн эмес, анткени ал таанып-билүүнүн максаты болуп эсептелбейт деп айткан. Ошондой болсо да, ал Феодор менен Гегезийден айырмаланып, достук, ата-эне менен мекенге болгон сүйүү акылман адам үчүн бакыт менен ырыстын булагы болуп саналат, анын үстүнө, жакын адамга болгон сүйүү сезими пайда көздөөнү максат кылбастан, тескерисинче, ал үчүн өздүк рахаттарды курмандыкка чалуу менен коштолот деп эсептеген.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8