Коёнтомук

Википедия дан
Perovskia atriplicifolia.

Коёнтомук (лат. Perovskia) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бийикт. 1 мге жеткен тарбагай бутактуу, өтө жыттуу чала бадал. Жалбырактары жөнөкөй же канаттай кесиктүү, тушташ жайгашкан. Көгүш-кызгылт гүлдөрү эки эриндүү. Топ гүлү – шыпыргыдай, Мөмөсү – жаңгакча. Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Сай, таштак, шагылдуу жерлерде кездешет. Кооз, балдуу, эфир майлуу өсүмдүк. Жер үстүндөгү бөлүгүнөн алынган эфир майы парфюмерия өндүрүшүндө колдонулат, гүлдөрүндөгү пигмент менен кездемелерди кызгылт, мала-кызыл түскө боёого болот. Коңул гүлдөй К. уу өсүмдүк, андан алкалоид алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]