Кыргызстан коргошун жана цинк рудалары

Википедия дан

Коргошун-цинк рудалары Кыргызстандын дээрлик бардык жеринен табылган жана бардык тоотек формациялары менен структуралык ярустарда кезигет. Коргошун-цинк рудаларынын кендери гензистик жактан эки топко — гидротерм жанаа стратиформ кендери болуп бөлүнөт.

Гидротерм кендери кеңири таралган. Эреже катары алар металлдарынын жогорку концентрациясы менен мүнөздөлөт. Булар өз ичинен гидротерм-метасоматоз жана гидротерм-тарам түрлөрүнө ажыратылат. Биринчи түрүнө рифейдин аягында (Талас Алатоосу), кембрий-ордовикте (Кеншанык), девондо (Көркана), карбондо (Акиташ, Көкжар) пайда болгон доломит, акиташ тектеринде жана жанартоо тектеринин өзгөрүлгөн аймактарында (Түштүк Ташкороо) топтолгон кендер кирет. Гидротерм-тарам түрүндөгү коргошун-цинкттин кендери өзгөчө Түндүк Кыргызстанда кеңири таралган. Алар гранитоиддерде (Гранитогорский, Борду, Чолоктерек, Темиртөрбулак ж. б.), кумдук жана сланецтерде (Аккөл, Арсы, Чамынды) кезигет. Руда тулкулары коргошун-цинктин минералдары бар кварц, кварц-карбонат, флюорит жана барит тарамчалары түрүндө кездешет.

Стратиформ тобундагы коргошун-цинк кендеринде Чаткал кырка тоосундагы девондун карбонаттуу тоотектеринде жайгашкан Сумсар, Караүңкүр, Акбашат кендери; Жыргалаң аймагындагы ортоңку карбондун башкырт ярусунун акиташ тектери менен байланыштуу болгон Эки Чат, Чааркудук, Каркыра кендери кирет. Бул топтун кендери катмар түрүндө жайгашуусу, минералдык курамынын жөнөкөйлүгү, интрузия, тектоникалык жана бүктөлүү жаракалары менен байланышкандыгы менен өзгөчөлөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]