Мавераннахр

Википедия дан

Мавераннахр (араб. ما وراء النهر, Mâ-verâu'n-nehr, фарс. فرارود, Farārood‎) - кыргыз тилинде "эки дарыянын арасы, дарыянын өйүзүндөгү жер" деген маанини берет.

Мауераннахр, Хорезм жана Улуу Корасан.

7-кылымдын аягы - 9-кылымда Амударыянын (Жейхундун) оң өйүзүндөгү аймактардын аталышы. Кийинчерээк Мавераннахр деп Амударыя менен Сырдарыянын (Сейхундун) аралыгындагы аймак атала баштаган.

Мавераннахрдын чоң калаалары катары Самаркан, Бухара, Хожент ж.б. шаарлар даңазаланган.

Араптар Мавераннахрды ээлеп (661-750), Таласка чейин келишкен. Бул жерде түрк элдери ислам дини менен таанышкан.

Бүгүнкү күндө Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан арасында жайгашкан.