Моизм

Википедия дан

Моизм ― байыркы Кытайдагы этикалык-саясий окуу. Бул философиялык мектептин негиздөөчүсү Мо Ди (Мо-цзы) болгон. Мо Ди жана анын окуучуларынын (моистер) көз караштары «Мо цзы» китебинде берилген. М. б. з. ч. IV–III кылмда калыптанган. Мазмуну боюнча Конфуций окуусуна жана Лао-цзынын теорияларына каршы болгон. Коомду «жалпы сүйүү жана өз-ара пайда» принцибинин негизинде кайра куруу программасын иштеп чыгышкан. Бардыгына бирдей тең сүйүүнүн жоктугу – мамлекеттеги баш аламандыктын башкы себеби. Баш аламандык деген эмне? Бул, бала атасын эмес өзүн сүйөт, ошондуктан өз пайдасы үчүн атасына зыян келтирет. Азыркы падышачылыктардын башкаруучулары жалаң гана өз падышачылыгына карата сүйүүнү билдиришет, ошондуктан алар башка өлкөлөргө сокку ургулары келишет. Азыркы үй-бүлөлөрдүн башчылары өз үй-бүлөлөрүнө карата гана сүйүүсүн билишет, алар башка үй-бүлөлөрдө сүйүшпөйт. Эгерде адамдардын ортосунда өз ара сүйүү жок болсо, анда өз ара жек көрүүнүн пайда болоору бышык Моизм бийлиги мураска калган ак сөөктөргө, алардын коомдук саясий артыкча абалына каршы чыккан. Ошентсе да Моизм байлыкты жектеген эмес. Моисттердин окуусунда байлык өтө баркталып, жокчулук-адепсиздиктин көрүнүшү катары айыпталган. «Байлык эмгекти сүйүүдөн улам болот, ал эми кедейчилик-жалкоолуктан»-, деп белгилеген Мо Ди. Мо Динин жолун жолдоочулар (кеч моисттер) анын окуусун андан ары улантышкан. Кытай философиясынын тарыхында биринчи жолу түшүнүп-билүү процессин издөөнү жолго коюшкан. Түшүнүп билүүнүн предмети катары объективдүү чындык катары тышкы дүйнөнү эсептешкен. Моисттерде математика, физика, инженерия өнүгүүгө ээ болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9