Настика

Wikipedia дан

Настика (санскрипт नास्तिक - ал жашабайт, ал – жок дегенди түшүндүрөт) – Байыркы Индияда трансценденталдуу дүйнө бар экенине жана өлгөндөн соң жашоо болооруна ишенбеген, айрым адамдарды аташат. «Ману мыйзамдарында» настика сөзү нигилисти түшүндүрүп, бирок андан еретик – «пашанданы» айырмалашкан. Настиканын карама – каршысы – астика. Настикага же ортодоксалдуу эмес даршанага локоята, адживика, кайсы бир мааниде адепки буддизм жана адепки жайнизм кирет. Көпчүлүк окумуштуулар скептизм менен локояти материализминин жана агностицизм менен буддизм менен жайнизмдин этикалык идеализминин ортосунда турган адживикага көбүрөөк мүнөздүү дешет.

Настика философиясынын негизги принциби ар кандай кудуреттүү принциптерге тескери мамиледе: веда көз караштарындагы башкы авторитеттердин – кудай-абсолют жана тенден (денеден) айырмалуу жан (брахман жана атман), тиги дүйнө бар экенин таанышпайт. Өзүнүн гана кайталанбас аналогиясы жок табигый мыйзамдарына баш ийүүчү индивидуалдуулук объектилердин болмушу деп эсептейт. Эч нерсе объектинин табияты аныктаган тагдырын өзгөртө албайт. Бул фаталисттик детерминизм өзгөчө адживика тарабынан айрыкча белгиленген. Этикалык жактан динди, деги эле кээ бир кадыр-баркты тануунун натыйжасы бир жактан чарвактардын гедонизмине, экинчи жактан – инсанды индивидуалдык өркүндөтүүнүн жана тарбиялоонун (буддизм менен жайнизм) тажрыйбасы жарыяланды. Настика йогдорго, санкхьяга жана индуизм философиялык системасынын калыптанышына таасирин тийгизди.





Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8