Скарлатина

Wikipedia дан
Скарлатина

Скарлатинатамак ооруп (ангина), эт ысуу, денеге кызыл бүдүрлөрдүн чыгуусу менен мүнөздөлгөн катуу кармама жугуштуу оору. Козгогучу — кызыл кан денечелерин эриткич уу бөлүп чыгаруучу стрептококк. Көбүнчө 2—7 жаштагы балдар ооруйт.

Оорунун пайда болушу[оңдоо]

Ал оорулуудан жана сакайгандан кийин да белгилүү убакытка чейин, ошондой эле козгогучту алып жүрүүчүдөн жугат. Кээде Скарлатина менен чоң кишилер да ооруйт, бирок аларда оору ангина түрүндө өтөт. Киши чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө шилекей чачырандылары менен козгогуч абага бөлүнүп, аны менен дем алган соо адамга жугат. Козгогуч сырткы чөйрөдө жакшы сакталгандыктан аны менен булганган буюм да оору булагы болуп эсептелет. Көбүнчө стрептококктор организмге көмөкөй, чанда жабыркаган тери, өпкө аркылуу кирет. Организмге кирген стрептококк көбөйүп, өзүнөн ууну (токсинди) бөлүп чыгарат. Бөлүнгөн уу канга өтүп абалды начарлатат, бүдүрлөр чыгып, нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жабыркатат. Оорулуунун стрептококко туруктуулугу төмөн болсо бүткүл организм жабыркап, сепсиске алып келет. Оорунун мындай түрү жаш балдарда (1—3 жаштагы) кезигет.

Оорунун жашырын мезгили 2— 7 күнгө созулат. Оору капысынан башталат, температурасы 39 — 40°ка жетип, шалдырайт, жутканда тамагы ооруп, жүрөгү айланып, кускусу келет, бир нече ирет кусушу мүмкүн.

Оорунун башталышы[оңдоо]

Оорунун башталышында териси ысып кургап турат. Көмөкөй кызарып, таңдай менен кичине тилде майда кызыл так (ангинага окшош) пайда болот. 1 — 2-күнү денеге майда кызыл бүдүрлөр чыгып, кычышат. Бүдүр алгач моюнга, дененин жогорку бөлүгүнө, анан тез эле бүт денеге тарайт. Ээги жана эрининин үстү агарат (С-га мүнөздүү үч бурчтук пайда болот). Тил саргыч кебер менен капталат. Биринчи жуманын аягында бүдүр жоголуп, тери түлөй баштайт.

Скарлатинанын жеңил түрүндө[оңдоо]

Скарлатинанын жеңил түрүндө эти бир аз ысыйт (37,1° —37,3°), кээде ысыбайт. Көмөкөйдүн былжыр чели кызарып, майда бүдүрлөр чыгып, бир нече сааттан кийин жоголот. Тери түлөбөйт. Бала өзүн кадимкидей эле сезет. Бирок анын эң жеңил түрү болсо да, кабылдоолору коркунучтуу. Кийинки жылдарда дарылоо жакшыргандыктан кабылдоолор азаюуда.

Эң коркунучтуу жугуштуу оору[оңдоо]

Бирок скарлатина эң коркунучтуу жугуштуу оору экендигин унутпоо керек. Анын көп жолугуучу кабылдоолору: жаак алдындагы жана моюн лимфа түйүндөрүнүн сезгенүүсү — лимфаденит, ортоңку кулактын, өпкөнүн, бөйрөктүн сезгенүүсү, жүрөктүн жабыркашы — миокардит жана башкалар Скарлатина менен ооругандарда иммунитет пайда болот, кээде ооруп айыккандарда анын белгилери кайталанышы мүмкүн. Ага ооруну кабыл албоочулук али пайда боло электе кайта жуктуруп алуу себеп болот.

Ооруну дарылоо[оңдоо]

Дарылоо ооруканада жана жеңил түрүндө врачтын көзөмөлүндө үйдө жүргүзүлөт. Бирок оорулуу баланы сөзсүз төшөккө жактыруу зарыл. Эгер температурасы төмөн болуп, өзүн сергек сезсе туруп тамак ичүүгө, жуунууга уруксат берилет. Врачтын уруксаты менен ойноого болот. Температурасы түшүп, абалы жакшырганы менен жүрөк-кан тамыр системасында өзгөрүү болушу мүмкүн. Оорулуу баланы өзүнчө бөлмөгө бөлүп же жаткан кроватын көшөгөлөп коюу керек. Айрыкча алгачкы күндөрү суюк же коюу буламык, сорпо, айран жана башкалар майдаланган жеңил сиңимдүү тамак берилет. Оорулууну белгилүү убакта 5—6 жолу тамактандыруу зарыл. Лимон менен чай, жашылча-жемиш маңыздарын көп берүү сунуш кылынат. Оорулуунун бөлмөсүн таза кармап, күнүнө 2 жолу хлораминдин эритмесине чыланган таза чүпүрөк менен бөлмөдөгү буюмдарды, терезе, эшикти, полду сүрүп чыгуу, бөлмөнү убагы менен желдетүү талапка ылайык. Анын урунган идишин, оюнчуктарын, шейшеп, ич-кийимдерин, сүлгүсүн, жүз аарчысын өзүнчө жууп, кайнатуу керек.

Оорулууну баккан адам халат же атайын көйнөк кийип, оозуна катталган даки маска тагынып, оорулууга кирип чыккандан кийин сөзсүз колун самындап жууп, халатын чечип ысык үтүк менен үтүктөп турууга тийиш. Температурасы түшкөндөн кийин душка жуунууга уруксат берилет. Жаш балдар күнүнө же күн алыс, тестиер балдар 3—5 күндө жуунса болот. Күнүгө сода эритмеси (1 стакан кайнаган сууга 1 чай кашык сода салынган) менен бир нече жолу баланын оозун чайкатуу зарыл. Дарылоону врач белгилейт. Дарыны убагы менен врач белгилегендей туура берүү чоң мааниге ээ. Баланын абалы жакшырып, температурасы түшкөндө эле дарыны токтотууга такыр болбойт. Аны врачтын кеңеши менен чечүү керек.

Ооруну алдын алууда[оңдоо]

Ооруну алдын алууда оорулууну сөзсүз ооруканага жаткырып же үйдө озүнчө бөлүп дарылоо жүргүзүлөт. Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар ооруканадан чыккандан кийин 12 күнгө чейин оорубаган балдар менен бирге болууга тыюу салынат. Оорулууга жолуккан балдарды оорулууну бөлгөндөн баштап 7 күнгө чейин балдар мекемелерине жиберүүгө болбойт. Анда иштегендер жана 8 жаштан жогорку балдар 7 күн медициналык көзөмөлдө болот (к. Балдардын жугуштуу оорулары, Эпидемияга каршы чаралар). Ангина менен ооруган кишилер кичине балдарга жакындоого болбойт, ал балдарда скарлатинанын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8