Беррес Фредерик Скиннер

Википедия дан
Скиннер, Беррес Фредерик‎»‎ барагынан багытталды)
Burrhus Frederic Skinner
Туулган жылы:

20 -март 1904(1904-03-20)

Туулган жери:

Саскуэханна, Пенсильвания

Каза болгон жылы:

18 -август 1990(1990-08-18) (86 жаш)

Каза болгон жери:

Кембридж, Массачусетс

Өлкө:

 АКШ

Илимий чөйрөсү:

Психология

Альма-матер:

Гарвард угиверситети

Белгилүү болгондугу:

Бихевиоризм, Операнттык жүрүм-турум, Скиннер кутусу

Белгилүү болгондугу:

Бихевиоризм, Операнттык жүрүм-турум, Скиннер кутусу

Беррес Фредерик Скиннер (англ. Burrhus Frederic Skinner; 1904 жылы Жалган Курандын 20 да — 1990 Баш Оона айынын 18де) – америкалык психолог, азыркы бихевиоризмдин көрүнүктүү өкүлү.

Психология ар кандай өбөлгөлөр, реакциялардын ортосундагы сыртынан байкалуучу мыйзам ченемдүү байланыштарды сыпаттоо жана ал реакцияларды бекемдөө менен гана чектелиш керек деп эсептөө менен, жаңы бихевиоризмчилерге каршы чыккан. Ал организм реакцияны өзү бекемдеп, андан кийин гана тышкы өбөлгөлөр (стимул) жаңы реакцияны пайда кылат деген «оперант-тык» («операция») окуу концепциясын тартуулаган. Скиннер операнттык жүрүм-турумду, бир катар өзгөчөлөнгөн ыкма жана приборлорду сунуш кылуу менен, адегенде жаныбарлар аркылуу (үйрөнгөн) изилдеген. Адам менен жаныбарлардын жүрүм-турумундагы окшоштуктар тууралуу оюна таянуу менен, ал өзүнүн концепциясын кепти (речти) өздөштүрүүгө, психотерапияга жана мектепте окутууга да жайылтып, программалаштырып окутуунун демилгечилеринен болгон.

Анын адамдын жүрүм-турумун башкаруу аркылуу коомду кайра түзүү жөнүндөгү операнттык бихевиоризми көптөгөн сын пикирлерди жараткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8