Тогуз коргоол

Wikipedia дан

Мазмуну

[оңдоо] Тогуз Коргоолдун изилдөө тарыхынан

Орустун изилдөөчүлөрү «Байлардын кылаарга иштери жок тогуз коргоолду ойлоп табышкан» дешет. Ал эми кыргызда малчылар балдардын логикасын тарбиялоо үчүн ойлоп тапкан. Казактарда Каныкеев деген окумуштуу «Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты түгөнүп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол улуттук оюну пайда болгон» деген. [[File:Example.jpg]]

[оңдоо] Тогуз коргоол оюнунун эрежеси

Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн 82 же андан көп коргоол утуп алуу керек. Уткан оюнчуга 1 упай берилет. 81 коргоол уткан болсо оюн тең чыгуу менен аяктайт. Жүрүштү баштоо укугу чучукулак менен аныкталат. Баштай турган оюнчу тактанын ак жагына олтурат. Өзү каалаган үйүндөгү (коргоол салынган чуңкур) бардык коргоолдорду колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду салып жүрүп олтурат. Ашып калган коргоолдорду атаандашынын үйүнөн 2-3-катары менен саналат. Атаандашынын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны жуп болсо, жүрүш жеңиш менен аяктап, ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казанына салып алат. Тактанын тогуз чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан коргоолдорду жыйнай турган чөйчөкчөнү казан дейбиз.
Туз алуу эрежеси: Атаандаштын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны үч болсо, ал үйү "туз" деп аталып сизге тийешелүү болуп калат, б.а. ал үйгө түшкөн коргоолдордун баары сиздин казаныңызга түшөт.
Туз алуунун үч шарты бар:
1. Бир ойунда бир гана туз алынат.
2. Эгер атаандашыңыз туз алган болсо, ал алган номердеги үйдөн туз ала албайсыз, мисалы ал сиздин 7 номердеги үйүңүздөн туз алган болсо, сиз анын 7 номердеги үйүнөн туз ала албайсыз.
3. Бир оюнда бир гана туз ала аласыз.

[оңдоо] Тогуз коргоол тууралуу легенда

Жолоочулар төөлөрүнүн үстүна ар түркүн нерселерди жүктөп алып кетип бара жатып бир жерге түнөөгө мажбур болушуп конуп калышат экен. Эки чоң нар төөнү жүгү менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат. Эртеси баягы кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан башка жолоочулар жакшылап көз жүгүртүшсө эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кетиптир. Төөлөр жаткан чуңкурларга төөнүн коргоолдору кургак болуп катып калыптыр. Окуяга кабыл болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп ушул оюнду ойлоп чыккан деген пикирлер да бар. Төөнүн кыгын да коргоол дешет, ошондуктан оюндун аты тогуз коргоол деп аталып калган деген бир имиш бар.

[оңдоо] Кызыктуу фактылар

1. Тогуз Коргоол оюну бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бири. Кыргызстандан тышары Казакстанда "Тогуз Кумалак" жана Тукияда "Dokuz kumalak" ат менен белгилүү. Бул оюн Орто Азия өлкөлөрүнөн башка түндүк-чыгыш Афганистанда, Оруссияда (Алтай, Хакассия, Якутия, Татарстан жана Тува), батыш Монголияда жана түндүк-батыш Кытайда ойнолот (Урумчу, Жунгария).

2. "Манас" эпосунун бир вариантындагы мындай саптар бар экенин ким билиптир: Жалпак жыгач чаптырып, Чараларын оюшуп Бир жагына бир тогуз, Бир жагына бир тогуз, Үй чыгарып коюшуп…

Манас эпосу 2-чи китеп Сагымбай Орозбак уулу, Кыргызстан, 1978 Кыркың кызык ойнотуп, Чатыраш ойнун салыңар, Тогуз, онуң биригип, Тогуз коргоол алыңар. Жыйылып алып жыйырмаң, Топ таш-чакмак алыңар.

3. Логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептөөгө жакшы жардам берет, анткени оюнду ойноп жатып математикалык кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүго мажбур болот. Ошондуктан бул оюн башталгыч класстардын балдарына да абдан пайдалуу.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен “Мектептин бардык класстагы окуучуларына тогуз коргоол оюнун ойнотулсун” деген буйругу киргизилен.

5. Тогуз Коргоол оюнунун электрондук версиясын Кыргыз информатиги К. Картанбаев 1999 жылы түзгөндүгү белгилүү.

6. Кыргыз Республикасынын Тогуз Kоргоол федерациясы 1993 жылы түзүлгөн.

7. Бүткүл Дүйнө боюнча интеллектуалдык оюндардын эл аралык олимпиадасынын манкала секциясында ойнолуп келе жаткан Тогуз кумалакка Тогуз коргоолду кошууну 2010 жылы Европадагы Тогуз Коргоол клубу сунуштап киргизген.

Фейсбуктагы Тогуз коргоол оюнуна арналган группа

Кыргыздын Тогуз коргоол оюнуна арналган сайт

Европадагы Тогуз коргоол клубунун дареги

Toguz Korgool - Kirgiska gra typu Mankala

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде