Шеллинг, Фридрих Вильгельм Йозеф

Wikipedia дан
Шеллинг, Фридрих Вильгельм Йозеф
Friedrich Wilhelm Joseph von Schelling.png
Фридрих Вильгельм Йозеф Шеллинг
Толук аты-жөнү Фридрих Вильгельм Йозеф Шеллинг
Англис тилинде Friedrich Wilhelm Joseph Schelling
Төрөлгөн (Үчтүн айы 27 күн 1775 ж.
Германия, Леонберг
Көз жумган 20 Аяк Оона 1854
Швейцария, Бад-Рагац ш.
Доор Жаңы Доордун философиясы
Аймак Батыш философиясы
Мектеп Классикалык немис философиясы
Кызыккан темалар Табигый философия, Табигый илимдер, Эстетика, Дин, Метафизика, Эпистемология


Фридрих Вильгельм Йозеф Шеллинг (1775—1854) — немис философу. Пастордун үй-бүлөсүндө туулган; ата-энеси анын дин кызматчысы болушун каалашкан. Семинарияны жана Тюбинген теологиялык институтун бүтүргөн. Гегель Шеллингдин институт боюнча курсташы болгон. Институтту бүткөндөн кийин Лейпцигдин ак сөөк үй-бүлөлөрүндө үй мугалими болуп иштеп, ошол эле убакта философияны, математиканы, физиканы окуп-үйрөнөт.

Кызматтары[оңдоо]

1798-жылы Йен университетинде философия кафедрасын ээлейт. Кийинки жылдарда Эрланген, Мюнхен, Берлин университеттеринин профессору болот. Фихте, Ф.Шиллер, Гёте, бир туугандар Шлегель менен, романтиктердин йен ийрими менен тааныш болгон.

Шеллингдин чыгармачылы 1чи этабы[оңдоо]

Шеллингдин чыгармачылыгында өнүгүүнүн бир нече мезгилин бөлүп көрсөтүүгө болот: натурфилософия (90-жылдар), трансценденталдык идеализм (1800), бирдейлик философиясы (XIX кылымдын биринчи он жылдыгы), аяндар философиясы (өмүрүнүн акырына чейин). Өзүнүн натурфилософиялык көз караштарын Шеллинг бир нече эмгектеринде баяндайт, алар төмөнкүлөр: «Жаратылыш философиясынын идеялары» (1797), «Дүйнөлүк жан жөнүндө» (1798), «Жаратылыш философиясынын алгачкы сомолосу» (1799), «Динамикалык процесстин жалпы дедукциясы» (1800). Шеллингдин өмүрүнүн жана чыгармачылыгынын мезгили табият таануу илимдериндеги ири ачылыштардын учуруна туш келет, ушундан улам ал өзүнүн натурфилософиялык изилдөөлөрүндө ошол жетишкендиктерге таянган.

Шеллингдин жаратылышты түшүнүүсү[оңдоо]

Шеллингдин жаратылышты түшүнүүсү Фихтенин таасири астында калыптанат. Ал жаратылышты карама-каршылыктардын недир бир биримдиги катарында караган, ал карама-каршылыктар дүйнөлүк мыйзам түрүндө ар кыл формада көрүнөт, алсак, алар: магниттин карама-каршы эки уюлу; электрдин терс жана оң заряддары; кислота (кычкылтек) менен щелочтун (шакардын) карама-каршы катышы. Ал бул карама-каршылык принцибин органикалык турмушка да колдонот.

Карама-каршылыктарга бөлүнүү жандуу күч, аң-сезимге ээ болбогон рухий башталыш тарабынан жаралат. Бардык көрсөтүлгөн карама-каршылыктар бир бүтүндүктү түзөт. Жаратылыштын аң-сезимге ээ болбогон рухий башталыш бир катар баскычтарды басып өтүп, адамда аң-сезимди пайда кылат. Жандуу организм катарында жаратылыштын бирбүтүндүгү дүйнөлүк жан тарабынан түзүлөт.

Шеллингдин чыгармачылы 2чи этабы[оңдоо]

Шеллингдин философиялык өнүгүшүнүн экинчи этабы «Трансценденталдык идеализмдин системасы» деген (1800) чыгармасынын жарыяланышы менен белгиленет, мында автор субьективдүү нерсенин обьективдүү нерсеге айланышын түшүндүрүүгө аракет жасайт. Трансценденталдык философия натурфилософияны дегеле жокко чыгарбайт, кайра, обьективдүү нерсе келип чыгарыла турган субьективдүү. Мен, биринчи Мен анын өз предмети болгондуктан, аны толуктап турат. Шеллинг өзү анын трансценденталдык идеализми субьективдүү идеализм эмес экендигин көрсөткөн, анткени субьективдүү деп Шеллинг сезим менен ойломдун субьективдүү процесси катарында эмес, предметти акыл-эс аркылуу түздөн-түз байкап-баамдоо катарында, башкача айтканда таанымдын өзгөчө органы катарында түшүнгөн. Мындай тааным Шеллингде «интеллектуалдуу интуиция» деп аталат. Натура философияда обьективдүү нерсе же баштапкы нерсе каралат, ошондуктан

Шеллинг натурфилософия менен трансценденталдык идеализм өз ара байланыштуу деп эсептейт. Искусствону таанымдын эң жогорку формасы катарында кабыл алуу Шеллингдин интеллектуалдык интуиция түшүнүгүнүн өнүктүрүлүшүн көрсөткөн. Аң-сезим өзүнүн өнүгүшүндө бир катар баскычтарды басып өтөт: ал туюмдан башталып, андан кийин рефлексия аркылуу эрк актысына көтөрүлөт, ушул жерде практикалык мен башталат. Дагы бир катар баскычтарды басып өтүп, аң-сезим өнүгүүнүн эң жогорку баскычына — адеп-ахлактык аракетке өсүп жетет, мында аң-сезим өзүн өзү аңдайт, башкача айтканда аң-сезим бир эле убакта өзүн зарыл нерсе катарында да жана эркин нерсе катарында да таанып-билет.

Натура философиялык система жана трансценденталдык идеализм системасы аркылуу Шеллинг дух менен жаратылыштын бирдейлиги жөнүндөгү идеяга келет, бул анын филоофиясынын башкы проблемасы болуп калат. Бул концепцияны ал «Менин философиялык системам жөнүндө баяндоо» (1801) деген эмгегинде келтирет.

Шеллинг абсолюттук акыл-эсти карап чыгат да, андан башка эч нерсе жок деп ойлойт. Бул абсолюттук акыл-эсте субьект менен обьект ажырагыс болуп байланышып турат. Философия чыныгы «өзүндөгү» бытиеге жетишет, бул субьективдүүлүк менен обьективдүүлүктүн бирдейлиги катарында чыгат. Абсолютта баардыгы бирдей окшоштукта турат, ал эми бирдейликтин экиге ажырымдашы бирдиктин көптүккө карай өтүүсү катарында ишке ашат. Абсолюттагы бирдейлик түбөлүктүү жана өркүндөгөн абалда турат, ал эми нерселердин дүйнөсү ар түрдүү, көптүк санда болот да, убакыт ченеминде өнүгөт. Абсолют шексиз бирдейлик катарында өзүн өзү таанып билет. Мындан башка да, Абсолют өз өнүгүшүндө максатка ылайыктуулукту көздөп өнүгөт. Абсолют дегенибиз дух, жаратылыш эмес, бирок бардык нерселердин мүмкүн болуучулугун өзүндө камтып турган бир неме. Өзүнүн потенциясын өнүктүрүп отуруп, Абсолют Ааламга келет.

Художниктин колунан жаралгандай Абсолюттан Ааламдын эманациясы келип пайда болот. Шеллинг Абсолюттан Аалам кандайча келип пайда болот деген суроо коёт да, бул процесс акыл-эстин эмес, эрктин актысы катарында иррационалдуу түрдө гана түшүндүрүлүшү мүмкүн дейт. Ал — сезимсиз эрк — бул бир белгисиз, иррационал нерсе. Ушул эрктин төп келип өнүгүшүнүн натыйжасында Абсолюттун экиге ажырымдап кетиши ишке ашат. Эрк, Шеллингдин оюнча, философия карай турган предмет боло албайт, анткени ал түбүнөн эле иррационалдуу акт болуп саналат, ал эми философия болсо бардык бар болуп жашап тургандардын өнүгүү процессин рационалдуу түшүнүү болуп саналат. Иррационалдык эркти карай турган философияны Шеллинг рационалдык «негативдүү философиядан» айырмалап, «позитивдүү философия» деп атайт.

«Позитивдүү философияда» иррационалдык эрк рационалдуу таанымдын күчү жетпеген, өзгөчө тажрыйба аркылуу, эмпирикалык гана жол аркылуу түшүнүлөт. Шеллинг бирдейлик философиясынан баш тартып, мифология менен дин тарапка өтөт, христианчылыктын алкагы менен чектелбеген, теософия катарында ойлонулган өзүнүн аяндар системасын түзөт. Шеллинг «оң философияны» «мифология философиясына жана «аяндар философиясына» бөлөт, булар дин менен билимдерди бириктирип турат. Эгерде мурда Шеллинг Библияны сынга алган болсо, эми Библияны ар кандай сындоодон баш тартат. Шеллингдин өзүнүн «аяндар философиясын» үгүттөгөн лекциясы популярдуу болгон эмес, а түгүл каршылыкка учураган. Шеллингдин таасири көпкө узабастан төмөндөп кетет.

Шеллингдин философиясы XIX—XX кылымдарда Европанын философиялык оюна олуттуу таасир көрсөткөн, айрыкча ал Гегелге, ошондой эле орус философиясына (славянофильчилик, Чадааев) да таасири тийген. Шеллингдин иррационалдык идеялары турмуш философиясына өз таасирин тийгизген. Негизинен Шеллингдин таасири ал тарабынан айтылган айрым диалектикалык идеялардын таралышынан көрүнгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8