Ылаачын

Википедия дан
Ылаачын
Ылаачын
Коргоо абалы
Илимий классификация
дүйнөсү: Айбанаттар
тиби: Хордалуулар
классы: Канаттуулар
түркүмү: Күндүзгү алгыр куштар
тукуму: Шумкар сымалдуулар
уруусу: Шумкарлар
Биноминалдык аталышы
Falco peregrinus
Tunstall, 1771
Жашоо аймактары
Сары: Уялайт
Жашыл: Туруктуу жашайт
Көк: Кыштайт
Көгүлтүр: Келгин катары
Синонимдери

Falco atriceps Hume
Falco kreyenborgi Kleinschmidt, 1929
Falco pelegrinoides madens Ripley & Watson, 1963
Rhynchodon peregrinus (Tunstall, 1771)

Ылаачын (лат. Falco peregrinus) — кара ылаачын; шумкарлардын бир түрү. Falco peregrinus илимий аталышы англис окумуштуусу Танстелл, Мармадюк тарабынан киргизилген. Ал 1771 ж. ылаачынды өзүнүн "Ornithologia Britannica" эмгегинде систематикалуу сүрөттөп чыккан.

Ылаачындын чоңдугу ителгиден кем эмес. Алардын өңдөрү кара чаар, кызыл чаар, көк чаар болот. Ылаачындын алкым жүндөрү ак болот. Баш жүндөрү кара. Кара "муруту" бар. Денесинин узундугу 34-50 см, канатынын чабыты - 80-120 см. [2]. Башка куштардай эле ылаачындын ургаачылары эркектеринен чоңураак келип, 910 -1500 г. салмакта болушат. Эркектеринин салмагы 440-750 г. [3] Ылаачын Антарктидан башка баардык континеттерде таралган. Болумуна жана түспөлүнө жараша 17 түрчөсү бөлүп таанылат.

Дүйнөдөгү эң ылдам канаттуу, дегин эле, эң ылдам жандык. Адистердин баалосунда ылаачын шукшурулуп тепкенде ылдамдыгы 322 км/с же 90 метр/сек. [4][5] чейин жетет. Бирок, сызып учуу ылдамдыгы боюнча карлыгачка жете албайт - 120-180 км/с.[6].

Мүнүшкөрчүлүктө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ылаачындын башы.
Ылаачындын шаңшыганы.

Ылаачын ителгиден да учкул. Ителги алгандын баарын алат. Мүнүшкөрлөр ителги сыяктуу эле ылаачынга да томого катып салышат. Эгер томогосу жок болсо, алса-албаса да, жетсе-жетпесе да, алыс-жакынына карабай, көзүнө көрүнгөнгө жулуна берип, мүнүшкөрдү убара кылат. Аңды көргөндө асманга атып чыгып, кайра тик ылдый сайылып, бүттарын бүгүп, денесине кысып келип тебет. Тепкендеги күүсү ушунчалык катуу болгондуктан чоң эле чымчыктардын башы үзүлүп кетет.

Көбүн эсе орто көлөмдүү чымчыктарга аңчылык кылат: көгүчкөндөр, чыйырчыктар, өрдөктөр. Жыныстык жетилиши эки жашында. Жуптар түбөлүк сакталат. Көбүнчө жалама аскаларды, кээде саздын өңгүл-дөңгүлдөрүн жана таш курулуштардын төбөсүн уялашат. [7][8]

Falco peregrinus
Falco peregrinus madens

Түшүндүрмөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. BirdLife International (2009). Falco peregrinus. In: IUCN 2008. IUCN Red List of Threatened Species. Downloaded on 2009-11-03.
  2. White, C. M. (1994): 60. Peregine Falcon. In: del Hoyo, J.; Elliott, A. & Sargatal, J. (editors): Handbook of Birds of the World, Volume 2 (New World Vultures to Guineafowl): 274—275, plate 28. Lynx Edicions, Barcelona. ISBN 84-87334-15-6
  3. Snow, D. W.; Perrins, Christopher M.; Doherty, P. & Cramp, S. (1998): The complete birds of the western Palaearctic on CD-ROM. Oxford University Press. ISBN 0-19-268579-1
  4. Bernard Grzimek Grzimek’s Animal Life Encyclopedia. Boston, MA: Macmillan, 1968: 422
  5. Peregrine falcon, (Falco peregrinus anatum, Falco peregrinus tundrius, Falco peregrinus pealei). Текшерилген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 13 -август (баш оона) 2018.
  6.  (англ.) The Common Swift: Records and Phenomena
  7. «Сапсан Falco peregrinus Archived 2000-08-19 at the Wayback Machine»
  8. Cade, T. J., M. Martell, P. Redig, T. Septon & H. Tordoff: Peregrine Falcons in urban North America. In: D. M. Bird, D. E. Varland & J. J. Negro (eds.): Raptors in Human Landscapes. London, San Diego; 1996: S. 3-13

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]