ЭлТР

Википедия дан
ЭлТР
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы
ELTR_LOGO_SMALL
2024-жылы колдонуулучу логотип
Жалпы маалымат
Өлкө

 Кыргызстан

Берүү чөлкөмү

Жер Жер
 Кыргызстан
 Казакстан
 Кытай
 Тажикстан
 Өзбекстан
 Орусия

Берүү убактысы

07:00-01:00

Берүү тилдери

Кыргызча, Орусча

Борбордук башкаруу

 Бишкек

Сүрөттүн форматы

4:3:SDTV 16:9:SDTV

Каналдын багыты

Мамлекеттик

Алгачкы берүү күнү

Теле - 1970-жыл
(Радио - 2020-жыл)

Жетекчиси

Эрлан Догдурбеков

Мурдагы аталыштары

Ош (1970-1999)
Ош-3000 (1999-2005)

Курамындагы каналдар

Кыргызстан ЭлТР Билим Илим

Дареги

 Бишкек Эркиндик бульвары, 122/3

www.eltr.kg
Онлайн
Онлайн көрүү

 


ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы (кыскача ЭлТР) — Кыргызстандын дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы болуп санаталат.

ЭлТРдин курамында «Билим жана Илим» телеканалы жана «ЭлФМ» радиостанциясы иш алып барат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1967-жылдын 15-сентябрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинин коллегиясынын чечими менен «Радиоуктуруунун Ош облустук башкы редакциясы» негизделген. Алгачкы уктуруу 1968-жылдын 20-январында кечки саат 20:00дө экинчи программа аркылуу Кыргызстандын түштүк аймагынын калкына тартууланган[1].

1970-жылдын 9-сентябрында көгүлтүр экранда «Ош студиясы» алгачкы көрсөтүүсүн тартуулады. Кийинки жылдары бул каналдын макамы бир нече жолу өзгөрүп турган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Жарлыгы менен «Ош-3000» телерадиокомпаниясы «ЭлТР» коомдук телерадиоберүү компаниясы болуп өзгөртүлгөн[2].

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартында Токтому менен «ЭлТР» коомдук телерадиоберүү компаниясы «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы макамын алып, мамлекеттик телерадиокомпаниясы болуп калган[1] жана ошол убактан бери иштеп келет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Канал маалымат жөнүндө
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10 декабрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясы жөнүндө» Жарлыгы

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]