Мажму ат-Таварих
Мажму ат-Таварих (фарс. المجموع التواریخ — Тарыхтар жыйнагы) — XVI кылымда Сайф ад-Дин Аксыкенди тарабынан жазылган чыгарма. Ал бул эмгегин бүтүрө албай дүйнөдөн өтүп, чыгарманы анын уулу Нооруз Мухаммед (1494-1592-жылдары жашап өткөн) атасынын эмгегин улантып, аягына чыгарган.
Азыркы күндө бул чыгарманын үч варианты бар. Эки варианттын жазылышына жана сырткы өзгөчөлүгүнө карап, XVIII аягы XIX кылымдын биринчи жарымы деп окумуштуулар хронологиялык алкагын белгилешет. Чыгарманын бир нускасы Россия илимдер академиясынын Санкт-Петербургдагы бөлүмүндө Чыгыш таануу институтунда № 667 шифры менен сакталат. Экинчиси Ленинград мамлекеттик университетинин китепканасынын Чыгыш бөлүмүндө №693 шифр номери менен сакталып турат. Чыгыштануу институтундагы вариантын окумуштуу В.А.Коллаур белгилүү чыгыш таануучу, академик В.В. Бартольдго тапшырган. 1899-жылы В.В. Бартольд орус археологиялык коомунун 11-мартында өткөн жыйналышында алып чыгып, бул эмгекке карата кыскача өзүнүн мүнөздөмөсүн берип кеткен. В.В. Бартольд белгилегендей бул кол жазма Наманган уездинин Ширкент кыштагынын жашоочусу Джагды-Ходжанын колунда болгон жана ал чыгарманын ээси болуп таанылган.
Бул чыгарма жана кыргыз тарыхына байланыштуу башка тарыхый булактар менен бирге Москвадан 1973-жылы чыккан «Материалы по истории киргизов и Киргизии» деген жыйнактын биринчи чыгарылышында орус тилинде жарык көргөн.
Чыгарманын негизги бөлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]В.В. Бартольддун ою боюнча: "китеп Ферганадагы Касан шаарынын шейхтеринин тарыхын өзүнө камтыйт жана чыгармада шейхтердин жашоосу фантастикалык түрдө мүнөздөлүп, көптөгөн анохронизмдер колдонулган, башкача айтканда, бул китепте бардыгы жуурулушуп берилген". Мажму ат-Таварих бул жарым тарыхый жана жарым легендалуу чыгарма. Анда тарыхый фактылар менен даталар, легендалар менен ойдон чыгарылган нерселер аралаш мүнөздө берилген. Бирок дал ушундай легендалык мүнөздө жазылганы менен өзгөчөлөнүп турат.
Чыгарманы орусчага которгон окумуштуу А.Т. Тагиржановдун ою боюнча Мажму ат-Таварихтин негизги бөлүгү 1503-1514-жж. жазылган. Бул бөлүктө Манас эпосу тууралуу сюжеттик маалыматтарды берилген. Ошондой эле аталган эмгекте ар кандай этнографиялык материалдар, жер-суу аттары, казак, кыргыз уруулары жөнүндө кызыктуу маалыматтар, кыргыздын эпикалык элдик оозеки чыгармаларынын, уламыштарынын таасири астында берилген. Негизги бөлүмүн автор элдик оозеки чыгармаларды, уламыштарды колдонуп жазганын көрүүгө болот. Чыгармада оозеки уламыштар менен тарыхый маалыматтарды аралаштырып, автор эпикалык уламыштарды жаратуу менен, алардын негизги каармандары кылып, Ширкент шейхтерин көрсөткөн. Бирок, автор тарабынан жазылган, көптөгөн тарыхый окуялар (м: Есугей Бахадур Чынгыз-хандын атасы, анын өлүмү, Он-хан тарабынан кереиттердин басылып алынышы, Чыңгызхандын такка келиши, Туглук Темир ж.б.) маалыматтары чындыкка дал келет[1].
Чыгарманын экинчи бөлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чыгарманын экинчи бөлүгү суфий шейхтеринин адаттагы, күнүмдүк жашоосу жөнүндө берет. Анда шейхтердин генеологиясы, алардын эрдиктери, укмуштуу окуялары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды берет. Бул бөлүмдүн автору Нур Мухаммед атасынын мисалында жазып, ал дагы өзүнүн насаатчысы Курбан Валини ошол мезгилдеги окуялардын чордонунда кылып көрсөтүүгө аракет кылган. Нурмухаммед суфий шейхтеринин жашоосун кенен чагылдырып ошону менен бирге эле алардын Орто Азиянын руханий жашоосунда чоң роль ойногонун жана Моголистандагы көчмөн уруулар болгон казак, кыргыздардын арасында ислам дининин таралышына өздөрүнүн салымын кошкондугун жазган. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, бул чыгармада көптөгөн фантастикалык сүрөттөмөлөр жогорудагы шейхтердин ишмердүүлүгүн чагылдырууда көбүрөөк колдонулганы жана далилдүү тарыхый маалыматтардын аз экени. Мындан авторлордун негизги максаты элдин арасына Ширкент шейхтеринин кадырын көтөрүүгө, атак даңктуу кылууга жасаган аракети экенин байкоого болот. Чыгарманын негизги бөлүмүндө пайгамбарлар менен имамдардын кыскача тарыхын жана Ширкент шейхтеринин санжырасынан берип, андан кийин түрк элдеринин, калмактардын келип чыгышы, түрк урууларынын аттарын санап кетет. Андан ары Абул-Хаир хандын имам Жафар Садык менен болгон күрөшү жана огуздар жөнүндө айтылат ошондой эле кыргыздардын келип чыгышы жөнүндө да айтып келип: кыргыздар булар Урумга кетпей калган кырк огуздардын урпактары жана алар Ходжент тоолорунда жашайт деген. Андан ары Гурхандын (Элюй Даши) жортуулу, ага каршы Тули хан, Дува хандын күрөшү ж.б берилет.
Манас эпосу тууралуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эмгекте кыргыздын Манас эпосу тууралуу да жазган жана Манас жөнүндө жазма булактарда кездешкен алгачкы булак болуп эсептелинет. А.Т.Тагиржанов эпосту илимий айлампага кошушу менен В. М. Жирмунскийдин көңүлүн бурган. Окумуштуулар чыгарманын тарыхый этнографиялык мааниси чоң экендигин белгилешкен. Чыгармада Манас Каркарада төрөлгөнүн, атасы Якуббек болгонун жазат. Мындан сырткары кырк чоросу, Он-хандын уулу Токтомыш Манастын жакын досу болгонун, калмак ханы Чункченин уулу Жолой анын душманы болгонун, Манасия шаары Манаска арналган шаар экенин жазып, бирок Манастын өлгөнү анын тукумдары жөнүндө жазган. Кеэири маалыматтарды Мажму ат-Таварих чыгармасындагы Манас эпосунун сюжети макаласынан караңыз.
Кыргыз урууларынын генеалогиясы боюнча
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мажму ат-Таварихте кыргыз урууларына байланыштуу маалыматтарды камтыган тарыхый материалдар бир канча фрагменттер аркылуу берилген. Мажму ат-Таварихте тарыхый окуялар уламыштык аңгеме түрүндө берилсе да, кайсы бир деңгээлде кыргыз элинин келип чыгышынын негизги бутактары жөнүндө элдин аң-сезиминде сакталган уруу-уруктук түзүлүштү чагылдырат. Кыргыздарды оң жана сол деп бөлүп, оңго Ак уулдан тараган Отуз уул жана Салусбек Булгачыны кошот. Ал эми солго Куу уул кирет.
Кыргыздын тарыхын жана калыптанышын кеңири изилдеген Саул Абрамзон: «Кыргыздын ичиндеги Моңолдор уруусун моголдор менен, атап айтканда, Анка-төрөнүн улусу менен салыштыруу өтө кызыгууну туудурат» деп белгилеп кеткен. Мажму ат-Таварихте Анка-төрөнүн санжырасындагы ысымдар Моңолдордун уруктарынын түпкү аталарынын ысымдары жана бөлүкчөлөрүнүн аталышы менен толук дал келет[2].
Ушуга байланыштуу «92 боолуу өзүбек» деп түрк-моңгол урууларын санап өтөт. Автор 92 көчмөн уруулардын аттарын берип, аны диний сюжетке байланыштуу кылып жазган. Кыскача мазмунунда 92 киши бир адамдын балдары болгонун жана 13 аялдан төрөлгөнүн берет.