Анка-төрө

Википедия дан
(Эңге Төрө барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

Анка-төрө — 14 кылымдагы Моголстандагы улустун башкаруучусу, аскер колбашчысы. Аксак Темирдин баскынчылык жортуулдарына каршы чыккан эмирлердин бири. Ордосу Жети-Суудагы Каратал өрөөнүндө жайгашкан[1].

14-кылымдын 80-жылдарынын аягында Аксак Темирдин жортуулдарынан кийин Моголстандагы могол элине кирген уруулары (баарын, баргы, бостон, каңды, коңурат, кушчу, кыпчак, найман, нойгут, черик ж.б.)[2] өз алдынча элдерге бөлүнө баштаган. Өлкөдөгү бийликтен ажыраган Анка-төрө, Камар ад-Дин жана Алтын Ордонун Токтомуш-ханы Аксак Темирге каршы биримдик түзүүгө аракет кылган. Ушундай кырдаалда Анка-төрөго 1387-жылы 20 миң атчан аскер менен Сайрам жана Ташкен аркылуу Аксак Темирдин Ферганадагы аскерлерине кол салган. Өзгөндөн Өмөр-шейх каршы чыккан. Бир нече күн каланы курчоого алып, Самаркандан Анка-төрөго каршы күч келгенде, Анка-төрө олжолорун жана туткундарды алып, Моголстанга кайтып кеткен.

1389-жылы Аксак Темир Алтын Ордого каршы жортуулга барууну ниеттенген. Бирок эмирлердин кеңеши менен Токтомуштан мурда Анка-төрөнү кыйратуу ылайык деген бүтүмгө келген. 1390-жылы Темир 20 миң аскерин чыгышты көздөй жөнөткөн. Тарбагатай тоосунун батышындагы Кара-Гучур жана Кийас деген жерлерде Анка-төрө Аксак Темирдин жана анын уулу Өмөр-шейхтин аскери менен беттешкен, Анка-төрө бул беттешүүдө жеңилип, аскерлеринин калган бөлүктөрү менен чегинген. Темирдин аскерлери алардын артынан түшүп, Кубак деген жерде Анка-төрөго катуу сокку уруп, улусту талап-тоношкон. Итичпестин Алакөлүндөгү салгылашуудан кийин Темирдин күчтөрү Анка-төрөнү жана Камар ад-Динди Иртышка чейин кууп барып талкалашкан[3].

Кыргыздын тарыхын жана калыптанышын кеңири изилдеген Саул Абрамзон: «Кыргыздын ичиндеги Моңолдор уруусун моголдор менен, атап айтканда, Анка-төрөнүн улусу менен салыштыруу өтө кызыгууну туудурат» деп белгилеп кеткен. Сайф ад-Дин Аксыкендинин 16 кылымга таандык Мажму ат-Таварихинде Анка-төрөнүн санжырасындагы ысымдар Моңолдордун уруктарынын түпкү аталарынын ысымдары жана бөлүкчөлөрүнүн аталышы менен толук дал келет[4]. Келтирилген маалыматтар Анка-төрөнүн Моңолдор менен байланышы болгондугун ырастайт.

Рашид ад-Диндин Жами ат-Таварихинде кереит элинин ичинде тумаут, конкаит, сакаит, жиркин жана албат аттуу негизги топтор эскерилет[5]. Моңгол тилинде көптүк маанини «-ат, -ит, -ут»мүчөлөрү жасайт. Моңолдор уруусунун ичинде кыйра, туума, коңкош жана согу деген тукумдар бар. Чыңгыз-хандын убагында Кереит хандыгын Оң-хан (Тоорул) бийлеген. Мажму ат-Таварихте Оң-хан — Анка-төрөнүн бабаларынын бири[6].

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Шараф ад-Дин Али Йездинин Зафар-намесинен үзүндүлөр // Ромодин В.А., Мокеев А., котор. Кожобеков М., Абдиев Т. — Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхий булактары — Бишкек: 2002 — с. 370
  2. Юдин В. П. О родоплеменном составе могулов Могулистана и Могулии и их этнических связях с казахами и другими соседними народами // Известия АН Каз. ССР. — 1965. — № 3. — С. 52—65.
  3. Караев О. К. Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Образование кыргызского народа.. — Бишкек: Кыргызстан, 1995. — С. 123. — 160 с.
  4. Абрамзон С. М. Кыргызы и их этногенетические и историко-культурные связи. — Кыргызстан. — Фрунзе, 1990. — С. 480.
  5. Рашид ад-Дин. Сборник летописей (Джами ат-Таварих). Том 1. Книга 1. М.-Л. АН СССР. 1952.
  6. Сайф ад-Дин Аксыкендинин Мажму ат-Таварихтен үзүндүлөр // (ред.) Ромодин В.А., Мокеев А., (котор.) Кожобеков М., Абдиев Т. — Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхий булактары — Бишкек: 2002 — с. 370