Улус

Википедия дан

Улус – административдик-аймактык бирдик. Чыңгыз хандын тушунда мамлекети туюндурган термин. Мааниси боюнча эл дегенди билдирет. Улустун башында нойондордон бир адам турган, ал кандайдыр бир титулга ээ болгон (баатыр, сечен, мерген, билге, бука жана башка). Кийинчерээк Чынгыз хандын укум-тукумуна бөлүнгөн айрым аймактар Улус (Жучу Улусуу, Чагатай Улусу жана башка) аталган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.