Моңолдор (уруу)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Моңолдоркыргыздын оң канатына таандык уруулардын бири.

Генеалогиялык уламыштар боюнча Адигине, Тагайдын эжеси Наалыга байланышкан. Алардын биринде Көкө-баатыр, Дайыр дегендер кыргызга келип туруп калып, Адигине, Тагай эжесин Көкө-батырга берет да, андан туулган балдар М., ал эми таарынып казактарга кеткен Дайырдан тарагандар «жалайыр» (башка вариантында «албан») аталып калганы айтылат.

С. Абрамзон Дайырды казак ханы Тахирге (16-к.) салыштырган. Анын ою б-ча М. кыргыз элинин этникалык калыптанышына катышы бар моңгол-түрк урууларынын бири болуп саналат.

М. ж-дө тарыхый маалыматтар алгачкы жолу Кытай тарыхый даректеринде («Си-юй туч-жи») кезигип, алар кыргыздын «Батыш Ордосуна» караштуу негизги төрт уруунун бири катары эскерилет.

Кыргыз санжырасы б-ча М. Баакы бийден тарап, «Бөгөнөк», «Улуу Кыйра», «Бала Кыйра», «Бай Моңол» деген негизги топторго ажырайт. М. уруусуна тийиштүү топтор (фратрия) Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет.

Азыркы учурда М-го тийиштүү топтор негизинен Нарын (Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Түп, Жети-Өгүз ж. б.), Чүй (Кемин, Сокулук, Панфилов ж. б.), Талас (Кара-Буура ж. б.), Ош (Кара-Кулжа ж. б.), Жалал-Абад (Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал, Ала-Бука, Айры-Там ж. б.) областарында турушат.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999.