Саруу (уруу)

Википедия дан
Саруу уруусунун жана Кыргыз элинин белгилери

Саруу уруусуКыргыздын Сол канатындагы чоң уруу.

Бул уруунун өкүлдөрү негизинен Талас, Жалал-Абад (Чаткал, Аксы, Ала-Бука), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Саруу айылы) аймактарында отурукташкан.

Тарыхта Саруу уруусунун топтору ээлеген жерлер: Жамбыл (Казакстан), Наманган (Өзбекстан).

Этимологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Саруу» этноними, эски-моңгол saraɣul (моңг. саруул, калм. Һаруул, ойр. сарул) сөзүнөн келип чыккан деген божомолдор бар. Бул сөз «жарык», «ачык» маанилерин түшүндүрөт.

Башка версия боюнча «саруу» этноними эки сөздөн келип чыккан «сары»—«уу». «Сары» сөзү менен көптөгөн версиялар бар.

Уруктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ай-Тамга: Сейит, Атек, Чүкө, Кобуке, Бала-Саруу, Жалпак Тил, Чаян, Аңдабай, Очок, Түктүү Курт, Жолдош Төбөт, Кызыроо, Назарбек (Шири), Бишкек, Күркүрөө, Тубай, Оготур.

Жети Уруу: Абдый, Ким Билди, Ботояр, Таш Коюн, Мамелдей, Жаңгир, Байбиче, Токол, Түкөк, Мадияр, Бөлөк Чал, Балыкчы, Жол Жакшы.

Бош Моюн: Ыңырчак, Кезек Таз, Кодор, Жээнбай, Кенембай, Бозайгыр, Ырысмат, Календер, Боркемик, Кара-Боркемик.

Агынай: Чоң Эсенгелди, Борой, Кадим.

Алакчын: Жол Болду, Бабыр, Акбай, Түйтө, Чиркей, Чокон, Шаабото, Бекмурат, Алчикен, Ажыбек, Кубатбек, Коңкобай, Наматбай, Мандалак, Эрегул, Берен, Жабагы, Жарыкка, Жаныбек, Сатыкей, Боруке.

Кырк Уул: Байсу (Байзу), Келбей, Мачак, Беш Каман.

Теңерчим: Ардай, Күштөн, Булбул, Шекер, Ачакей.

Колпоч (Тоң-Төрт): Ак Кийиз, Култай, Төкө, Бүрө, Болот, Чочой, Кезек-Сары, Кубулек, Баяш, Токтук, Баба, Чүнү.

Тогунай: Тогунай, Кош Кулак.[1]

Белгилүү инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сатыкей Баатыр — 17-чи кылымда жунгар баскынчылыгына каршы турган миңбашы (ХVII кылым).
  • Бердике Баатыр — 18-чи кылымда кыргыз жерлерин жунгарлардан бошоткону чоң салымын кошкон баатыр (XVIII кылым).
  • Нүзүп аталык (Нүзүп Эсенбай уулу) — 19-чу кылымдагы Борбор Азиядагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, миңбашы, Кокон хандыгынын аталыгы (Шералы хан, 1841-1845гг)
  • Жеңижок Көкө уулу — төкмө акын, ойчул.
  • Ниязалы Борошев — комузчу-виртуоз, көптөгөн кγγлөрдүн автору.
  • Мураталы Курөңкеев — кыргыз элинин аспаптык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
  • Чолпонбай Тулебердиев — Советтер Союзунун Герою. 6-чы Воронеж армиясы стратегиялык позицияны ээлеп алуусу үчүн пулеметту өз денеси менен жаап, шеит болгон.
  • Төлөгөн Касымбеков — жазуучу, Кыргыз Республикасынын герою, «Сынган Кылыч» романын автору.
  • Темиркул Үмөталиев — Кыргыз Республикасынын эл акыны.
  • Роза Отунбаева — Кыргыз Республикасынын алгачкы аял Президенти.
  • Алиясбек Алымкулов — 2010 жылдын Апрель революциясынын башчыларынын бири. Революция учурунда катуу жарадар болгон. Кыргыз Республикасынын Герою.
  • Өмүрбек Бабанов — Олигарх, Экс-Премьер-министр, «Республика-Атажурт» паритиясынын төрагасы.
  • Кубанычбек Жумалиев — экс премьер-министр.

Кылымдар бою Саруу уруусу кыргыз элинин эгемендиги үчүн жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө активдүү катышып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]