Тургунбек уулу Нурланбек
| Тургунбек уулу Нурланбек | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| 5-октябрь, 2022 — 12-февраль, 2026 | ||||
| Өкмөт башчысы: | Акылбек Жапаров Адылбек Касымалиев | |||
| Президент: | Садыр Жапаров | |||
| Андан мурунку: | Талант Мамытов | |||
| Андан кийинки: | Маматалиев Марлен Абдырахманович | |||
| ||||
| 20-декабрь, 2010 — 23-декабрь, 2011 | ||||
| Андан мурунку: | Садык Шер-Нияз | |||
| Андан кийинки: | Ибрагим Жунусов | |||
| Дини: | ислам | |||
| Туулган жылы: | 13 -май 1977 (48 жаш) | |||
| Туулган жери: | Кара-Жыгач, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР | |||
| Партиясы: | "Бүтүн Кыргызстан" (2010) "Ата-Журт Кыргызстан" (2022 — а. у) | |||
| Кесиби: | журналист, саясатчы | |||
| Сыйлыктары: | ||||
Тургунбек уулу Нурланбек (мурда Шакиев Нурланбек Тургунбекович)[1] – кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Жогорку Кеңештин төрагасы (2022-жылдан бери). Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КМШнын аткаруу комитетинин ардак грамотасы, ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук медалдар менен сыйланган.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Нурланбек Шакиев 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган[2]. Билими жогорку. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1996-жылы "Обон" гезитинин башкы редактордун орун басары, башкы редактор кызматынан баштаган. 1997-1999-жылдары "Учкун" гезитинин башкы редактору. 1999-2004-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары.
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы. 2005-2006-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору[3]. 2006-2009-жылдары Кыргызстандын ал учурдагы президенти Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы.
2009-2010-жылдары "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору. 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри. 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт" фракциясынын лидеринин кеңешчиси.
2019-жылы "2 канал" ЖЧКнын ("New TV" телеканалынын ээси) башкы директору болуп дайындалат[4][5][6][7]. Айрым булактар боюнча "New TV" телеканалын 2017-жылы негиздеп, жетектей баштайт[3]. 2019-жылы "New TV" менен "Nur TV" телеканалдары сырттан жалпы 30 жылга эркинен ажыратылган Курманбек Бакиев тууралуу документалдуу фильм көрсөткөнү үчүн коомдо сынга алынган, ал эми жетекчилери УКМК тарабынан алдын алуучу маекке чакыртылып, эскертилген[8][9][10].
2021-жылы № 17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2022-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланган.
2022-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган[11][2].
2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматын өз каалоосу менен тапшырган[12][13].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Парламент төрагасы фамилиясын Тургунбек уулу деп өзгөрткөнүн билдирди
- 1 2 Төрага болуп шайланган Нурланбек Шакиевдин өмүр баяны. Bulak.kg. Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
- 1 2 Шакиев Нурланбек Тургунбекович – биография. sputnik.kg. Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
- ↑ Скандальный фильм о Бакиеве. Кому принадлежат телеканалы, которые его показали? - Институт Медиа Полиси
- ↑ Юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалым кат (күбөлүк). record.minjust.gov.kg.
- ↑ https://statsnet.co/companies/kg/56713924
- ↑ nas.gov.kg (1183-1185-саптар: 2016-ж. чейин "Башат" телеорадиокампаниясы)
- ↑ Курманбек Бакиев дагы 10 жылга кесилди. Ал жалпы 30 жыл эркинен ажыраш керек. kaktus.kg
- ↑ Курманбек Бакиев тууралуу даректүү тасманы эфирге чыгарган телеканалдардын жетекчилерине эскертүү берилди. super.kg
- ↑ ГКНБ: Видео в поддержку Бакиева может привести к напряженности в обществе
- ↑ Nurlanbek Shakiev becomes Speaker of Parliament of Kyrgyzstan. 24.kg. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
- ↑ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кызматын өз каалоосу менен тапшырды
- ↑ Кабар. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

