Мазмунга өтүү

Карабагыш

Википедия — ачык энциклопедия
("Карабагыш (уруу)‎"‎ барагынан багытталды)

Кара багышОң канаттагы, Адигине уруулук тобунун курамындагы теги байыркы уруу. Кара багыш өз алдынча уруу катары Сейф ад-Дин Аксыкендинин «Мажму ат-Таварихинде» (16-к.) эскерилет. Адигине, Муңгуш, Тагай баатыр менен бирге Отуз уулдун балдары катары чагылдырылат. Уруу аталышы кыргыздардын эзелки тотемисттик ишенимдерине байланыштуу келип чыккан. Бул уруунун өкүлдөрү Кара-кулжа, Өзгөн, Сузак; Өзбекстандын: Ханабад райондорунун аймактарын байырлашат.

Негизги уруктары: Мырзакул, Кутуке,Чаабасар, Абдырахман, Алымбек, Ажыбай, Бошотай, Шайбек, Мамын, Калматай, Жаныбек, Баштык, Саты жана башкалар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]