Генеалогиялык паспорт

Википедия дан
Генеалогиялык паспорттун үлгүсү

Генеалогиялык паспорт "Жети ата" - бул, негизги нускасы А5 форматындагы, түстүү басма, кагаздын тыгыздыгы 250-300 гр./см2, жана анын тиркемесинен турган, бир сериядагы жана бир номерлүү, EAN International штрих коду менен маркаланган анкета тибиндеги үй-бүлөөлүк сертификат.

Сертификатка ар бир инсан өздүк маалыматтарын, ата-теги (жети атасына чейин), жакын бир туугандары жөнүндөгү маалыматтарды жазып, алардын негизинде интернет дареги http://www.genealogcentre.org/ Archived 2014-12-17 at the Wayback Machine сайтында, ар бир үй-бүлөөнүн генеалогиялык даракчасы (санжырасы) түзүлүп, андан соң, айыл-кыштактардын, район, облустардын, акыры жүрүп олтуруп жалпы кыргыз улутунун генеалогиялык картасын түзү ишке ашырылат.

Генеалогиялык паспорт "Жети ата" автору Саткеев Осмон – 28 май 2009 жылы, Кыргыз Республикасынын автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган, Күбөлүк № 1262. Каттоо органы: Кыргыз Республикасы, Мамлекеттик Патент Кызматы.